«115 Шыр байланыш» кызматына 3 айда 2719 телефон чалуу болгон

11/04/2019 - 11:01

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтуна караштуу «115 Шыр байланыш» кызматына республиканын бардык аймактарынан стационардык телефондордон жана уюлдук операторлордун байланышынан акысыз чалууга болот.

 2019-жылдын 1-январынан 31-мартына чейин  «115 Шыр байланыш» кызматы 2719 телефон чалууну иштеп чыккан, алардын ичинен: үн байланыштары -407, жагдайды байкоо үчүн жана үн билдирүүлөрүнө жооп иретинде 397 кызмат тарабынан телефон чалуулар жүргүзүлгөн.1519 консультациялар, чечмелөөлөр жана сунуштамалар берилген.

 Келип түшкөн бардык кайрылуулар иликтенген, юридикалык кеп-кеңеш берилип, ошондой эле психологиялык жардам көрсөтүлгөн.

Жарандар негизинен төмөнкү маселелерди чечүү үчүн кайрылышкан:

-аймактарда жөлөк пулдардын төлөнүүсүнүн негизсиз кечиктирилүүсү;

- окуучулардын ата-энелеринен акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу (класстык, мектептик фондуларга);

- мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу жана жаңы Жазык кодексинин жана Жазык-процесстик кодексинин киргизилиши менен КР Өкмөтүнүн ЖАМК жабык мекемелеринде андан ары жаза өтөө мөөнөттөрү боюнча;

- үй-бүлөлүк чыр-чатактарды чечүү;

- орто мектептердин (гимназиялардын) мугалимдеринин окуучуларга мазактоо же басмырлоо мамилеси, ошондой эле башталгыч класстардын окуучуларынын аларга мугалимдер жана мектеп жетекчилиги тарабынан аз көңүл бурулуусу же аларга текебер мамиледен улам мектепке барууну каалабашы;

- колониялардагы кармалгандар тарабынан, ошондой эле колония администрациясы тарабынан башкаларына таш боор мамилеси же уруп сабоосу (Молдовановка, Ош);

- жаңы жазык мыйзамдарында башка адамдардын абактагылар менен жолугушуусу тууралуу ченемдин жоктугунан абактагылардын никеде турбаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн алар менен жолугуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;  

- КР облустарынын айрым райондорундагы медициналык мекемелер тарабынан медициналык тейлөөнүн абалы (Баткен облусу,  Кадамжай айылы).

Жогорудагы бардык маселелер боюнча Кыргыз РеспубликасынынКР Акыйкатчы (Омбудсмен) аппараты тарабынан тийиштүү чаралар көрүлүүдө.

Жарандар мамлекеттик органдарга кайрылуу боюнча кеңеш сурап кайрылышат. “115 Шыр байланыш” кызматына кайрылууларды талдап көргөндө, кээде  мамлекеттик органдар тарабынан чечилчү маселелер боюнча мамлекеттик органдар  тоскоолдуктарды жаратышаары белгилүү болду. Мисалы, кайрылмандар тарабынан жарандык алуу маселелери, тигил же бул органга жөнөтүлгөн арыз же даттанууларына өз убагында жооп ала алышпаганы  эсептелет.

“115 Шыр байланыш” кызматына купуя чалуу үчүн шарттын жоктугу. Көбүнчөсүн жабык жерлерден чалуу учурунда(мисалы, №14ТК) мекеменин кызматкерлери карап турушат. Өзүнчө бөлмөнүн, стационардык телефондордун жоктугу абактагылар үчүн кыйынчылык жаратат.

Акыйкатчынын Басма сөз кызматы 663147