10-октябрда белгиленген митинг тынч өттү

11/10/2022 - 16:07

Акыйкатчы аппаратына 2022- жылдын 10-октябрь күнү айрым жерлерде (Ош, Талас, Балыкчы, Бишкек) Ош облусундагы Кемпир- Абад суу сактагычы боюнча протоколду жокко чыгаруу жана Баткен облусундагы төрт чек ара заставасын кайтаруу талабы менен митинг өтөт деген маалымат түшкөн.

Акыйкатчынын тапшырмасы менен Акыйкатчы аппаратынын Ош, Талас, Ысык- Көл облусундагы өкүлдөрү жана борбордогу кенсенин кызматкерлери митинг өтүүчү жерлерге мониторинг жүргүзүү үчүн чыгышты. Жыйынтыгында, Талас облусунда абал туруктуу болду, эл чогулган жок.

Ысык-Көл облусунда эл көп чогулчу жайларды (базарларды, көчөлөрдү) кыдыруу болду, эч жерде эл чогулган эмес. Ош облусунда да эч кандай жыйын, чогулуштар болгон жок. Бирок, 14-15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунун аймагындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинде элдин топтолуусу болот, деген сөздөр эл арасында айтылып жатканы боюнча маалымат келди. Ал эми Бишкек шаарынын М. Горький атындагы паркта 40 жарандык активисттер чогулган.

Алар Кемпир-Абад боюнча түзүлгөн протокол ачыкталсын, чек ара заставалары кайтарылсын- деген кайрылууларды кылышты. Коопсуздук жана тартип милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө болду. Митинг бүткөн сон жарандар тынч тарап кетишти. Эч кандай укук бузуулар катталган жок.