10-декабрь - Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата КР Акыйкатчы институту тарабынан салтанаттуу жыйын өткөрүлдү

11/12/2021 - 09:53

10-декабрь Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата КР Акыйкатчы институту тарабынан конференция өткөрүлдү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бейөкмөт уюмдардын, жарандык сектордун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков модератордук кылды.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Г.О.Жамгырчиева куттуктоо сөзү менен чыкты  

 Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү А. Камчыбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У. Исмаилов, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да куттуктоо сөздөрүн айтышты.  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары А.Колопов «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппаратынын 2021-жылга карата ишмердүүлүгүнүн жыйындысы» жөнүндө баяндама жасады.

Аскат Азарбеков “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорунун бет-ачарын кылды.

Акыйкатчы  (Омбудсмен) аппаратынын Балдар, аялдар жана үй-бүлө укуктарын коргоо бөлүмүнүнү башчысы Н. Токтосунова «Кыргыз Республикасында аялдарды жана кыздарды зомбулуктун ар кандай түрлөрүнөн коргоо боюнча эл аралык стандарттардын сакталышы» тууралу баяндама жасады.

Ошондой эле, КР Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын Социалдык, экономикалык жана маданий укуктарды коргоо бөлүмүнүн башчысы С.Касымбекова Социалдык стационардык жана психиатриялык мекемелерде, ошондой эле жазык-аткаруу тутумунун мекемелерине жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары менен коомчулукту тааныштырды.

“Адам укуктары биздин көзүбүз менен” эл аралык сынактын катышуучуларынын видеороликтеринен 3 көрсөтүлдү.

Сынактын катышуучулары дипломдор менен сыйланышты. Алар: №24 мектеп-гимназия мектебинин командасы Исламов Сабыр, Кеңешбеков Тариэл, Өмүрбеков Темирлан, Ново-Павловка айылынын №1 мектебинин командасы Максат кызы Айбийке, Тынарова Лира жана А. Ж.Баласагын атындагы КУУнун студенти Турдубекова Назик.

Ошондой эле ММК өкүлдөрүнө сыйлык тапшыруу болду:

КТРКнын “Ала-Тоо 24” каналынын продюсери Сюита Соурбаева, “Биринчи радионун” баяндамачысы Назира Молдокулова, “Sputnik  Кыргызстан” маалымат агенттигинин журналисти Наталия Князева, “Азаттык” медиасынын журналисттери Элеонора Мамбетшакирова,  Бактыгүл Чыныбаева, “Марал fm” радиосунун редактору Түмөнбай Абдинади уулу, СТВ телеканалынын деректорунун орун басары. Мурат Жолукеев, “Манас” телерадиокомпаниясынын баяндамачысы Айнагүл Мукамбетова, медиа эксперт Ая Төлөковалар Акыйкатчы институнун Ардак грамоталары менен  менен сыйланды. Ошондой эле, Б.Карасаев атындагы мамлекеттик университетинин доценти Нуржан Черикова Акыйкатчы институту менен  мамлекеттик тил маселеси боюнча активдүү кызматташуусу үчүн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ардак грамотасы менен сыйланды.