10-декабрь - Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата иш чаранын катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У. Исмаилов куттуктады

11/12/2021 - 10:21

10 -декабрь - Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн иш чарада Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты  Исмаилов Улан Чекишевич (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы) катышып  сөз сүйлөдү. Ал  Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганынын 73 жылдыгы жана Адам укуктарынын эл аралык күнү менен иш чаранын катышуучуларын куттуктады.

КР Жогорку Кеңеши жана КР Акыйкатчысы Институтунун ортосундагы өз ара кызматташтыктын багыттарына кеңири токтолду. Ошондой эле КР Акыйкатчы Институтунун ченемдик-укуктук актыларын жакшыртуу багытында иштер жүрүп, КР Акыйкатчысынын баяндамалары боюнча  кабыл алынуучу чечимдер тууралуу сөз болду.