10-декабрь - Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата бир катар журналисттер сыйланышты

11/12/2021 - 10:19

10-декабрь - Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата КР Акыйкатчы институту тарабынан иш чара өткөрүлдү. Ага КР Президенттик Администрациясынын өкүлү, КР Жогорку Кеңешинин депутаты,  аткаруу бийлигинин өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык сектор жана  жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү КР Акыйкатчысынын Ардак грамоталары менен сыйланышты. Сыйлангандардын арасында КТРК Ала-Тоо 24 каналынан Сюита Соурбаева, Биринчи радионун кызматкери Назира Молдокулова, Спутник -Кыргызстан маалымат агенттигиненин журналисти Наталия Князева, “Азаттык” радиосунун журналисттери Элеонора Мамбетшакирова,  Бактыгүл Чыныбаева, Марал радиосунан Түмөнбай Абдинаби уулу, “Кабар” улуттук маалымат агенттигинен Нурзат Жумалиева, СТВ телеканалынын журналисти Мурат Жолукеев, “Манас” телерадио компаниясынан Мукамбетова Айнагүл, медиаэксперт Ая Төлөкова  сыйланышты.