Акыйкатчы «ДаткАйым» лидер айымдардын форумуна катышты

27/11/2026 - 16:40

Жогорку Кеңеште «Күчтүү аялдар - адилеттүү коом: лидерлик, коопсуздук жана тоскоолдуксуз, зордук-зомбулукка кабылбай жашоого болгон укук»аталышындагы «ДаткАйым» лидер айымдардын форуму болуп өттү.

Ага Акыйкатчы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева дагы катышты.

«Гендердик зомбулукка каршы 16 күн» эл аралык өнөктүгүнүн алкагында уюштурулган иш чара  Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аялдардын укуктарын коргоо жана укуктук коргоо механизмдерин өркүндөтүү багытындагы көрүлүп жаткан чараларга карабай, аялдар дагы деле теңсиздикке, басмырлоого жана ар кандай тоскоолдуктарга туш болуп жатканын айтты.

“Акыйкатчы Институтуна түшкөн кайрылуулар жана жүргүзүлгөн мониторингдер көрсөткөндөй, аялдардын укуктары мыйзамдарда каралганы менен, иш жүзүндө дагы деле бир катар көйгөйлөр бар. Аларды чечүү үчүн мамлекеттик органдардын, Жогорку Кеңештин жана жарандык коомдун биргелешкен аракеттери зарыл”, - деди Акыйкатчы. 

Форумдун катышуучулары гендердик саясат, мыйзам чыгаруу демилгелери, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана аялдардын лидерлик мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу туурасында ой бөлүшүштү.

Жыйынтыгында катышуучулар гендердик теңчиликти мындан ары илгерилетүү, аялдардын укуктарын коргоо жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусун кеңейтүү боюнча сунуш-пикирлерин ортого салышты.