Акыйкатчы кылмыштын курмандыгы болгон балдардын укуктарын талдаган жыйынга катышты
Бүгүн, 25-апрелде КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаеванын катышуусунда кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө жабыр тарткан балдардын укуктары кандай сакталып жатканын аныктоого багытталган тегерек стол болуп өттү.
Жыйында, КРнын Акыйкатчы Институту жана «Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы» коомдук фонду менен биргелешип жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары сунушталды.
Жыйынга Жогорку Кеңештин, Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, ИИМдин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Жазаларды аткаруу кызматынын, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү жана БУУнун адам укуктары боюнча башкармалыгынын аймактык өкүлү Матильда Богнер катышты.
Методология — кылмыш-жаза адилеттигинин алкагында кылмыштын курмандыгы болгон жашы жете электердин укуктарынын сакталышын жана корголушун баалоого багытталган.
Акыйкатчы кылмыштын курмандыгы болгон жашы жете электердин укуктарынын сакталышы, корголушу жана камсыздалышы боюнча мамлекет тарабынан бир топ олуттуу кадамдар жасалганын белгиледи.
“Жаңы Жазык кодекси кабыл алынып, Жазык-процесстик кодекс өркүндөтүлдү, Пробация жөнүндө мыйзамга бир катар маанилүү өзгөртүүлөр киргизилди. Ошондой эле, баланын жогорку кызыкчылыктарын камсыздоо принциби КР Балдар жөнүндө кодекстин 4-беренесинде эл аралык стандарттарга ылайык мыйзам түрүндө бекитилген.
Ошого карабастан, иш жүзүндө олуттуу маселелер, кемчиликтер дагы да бар.
Кылмыштын курмандыгы болгон балдар көп учурда психологиялык травмага туш болушат.
Алсак, бир нече жолу суракка алынуу, тиешелүү адистердин коштоосунун жоктугу, маалыматтын купуялуулугунун сакталбашы, ошондой эле, ата-энелердин жана адистердин катышуусунун формалдуу мүнөзү буга мисал.
Мындан тышкары, балдарга ылайыктуу, коопсуз инфраструктуранын жетишсиздиги жана тергөөчүлөр менен судьялардын балдар менен иш алып барууга даярдыгы жетишсиз бойдон калууда”, - деди Жаманбаева.
Ошону менен катары эле, тергөөчүлөрдүн, судьялардын жана адвокаттардын балдар менен иштөө боюнча адистигин жогорулатуу, ошондой эле кылмыш-жаза процесстеринде жабырлануучу балдар менен иш алып баруунун бирдиктүү стандарттарын иштеп чыгуу сунушталды.
Андан сырткары Акыйкатчы жыйынга келген мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн зомбулуктан жабыр тарткан балдардын укуктарын коргоо жаатында биргелешип аракеттенүүгө чакырды.
“Иш-чаранын алкагында иштелип чыккан сунуштар кылмыштан жабыркаган балдар үчүн коопсуз жана адилеттүү сот системасын түзүүгө багытталган. Бул сунуштар Жогорку Кеңешке, Министрлер Кабинетине жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберилет”, -деп белгиледи Жаманбаева.
Бул демилге — Кыргызстанда адилеттүү, коопсуз жана балага ылайыкталган сот системасын куруу жолундагы маанилүү кадам. Ар бир баланын өз укугу толук сакталып, угулуп, корголушу зарыл.