Акыйкатчы чек-ара аскер ардагерлерин кабыл алды

05/10/2018 - 14:26

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына Нарын районунан ардагер чек-арачылары өз мүдөөсү менен келишти.

Ардагерлердин бири Чондоев Орунбек жыйырма жылдан ашуун тоолуу райондордогу чек-ара аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп, тоолуу райондорго коюлган коэффициент менен пенсияга чыгышканын, акыркы жылдары аскер прокуратурасы тарабынан пенсия алып жаткан мурдагы аскер ардагерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылышып, алып жаткан пенсиянын бир бөлүгүн соттун чечими менен кайрадан мамлекетке тапшыруу жөнүндө көйгөйгө кабылышкан айтып өттү.

Анткени, пенсияда жүргөн мурдагы аскер кызматкерлердин айрымдары ден-соолугуна, турмуш-шартына байланыштуу туруктуу тоолуу райондордон жашаган жерлерин убактылуу которушкан.

Бул факт азыркы мыйзамга туура келбейт деп Аскер Прокуратурасы аларга карата кылмыш иши козгоп, кээ бирлерин соттоп да жиберген.

Чек-ара ардагерлери “Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлеринин аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу” мыйзамындагы 49 беренеге (Пенсияларды өлчөмдөрүнө райондук коэффиценттерди колдонуу) офицердик курамдагы, прапорщиктердин, мичмандардын жана мөөнөтүнөн ашык кызмат өтөгөн аскер кызматкерлердин, катардагы жана жетекчилик курамдагы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын кызматкерлеринин финансылык полициясынын, атайын байланыш кызматынын аскер кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн айлык акысына кошумча төлөмдөр бекитилген райондук коэффициенттер, бул Мыйзамга ылайык (анын ичинде минималдык өлчөмдө) алардын өмүр бою чектелүүчү пенсияларына, аскер кызматкерлер жалпы кызмат өтөгөн мезгилдин бул райондордо 10 (он) календардык жылдан кем эмес кызмат өтөгөндө гана тийиштүү райондук коэффиценттер кошулуп эсептелинип берилет. Көрсөтүлгөн аскердик пенсионерлер бул кошумча төлөмдөр каралбаган башка калктуу пункттарга жашоого көчүп кетишсе пенсияларын азайтуу жагына кайра эсептөөгө жатпайт-деп киргизилип жаткан өзгөртүүнү Жогорку Кеңеш кабыл алып, ишке ашыруу керектигин айтышып, Акыйкатчы бул масеге көңүл буруп коюшун өтүнүштү.

Айта кетсек, бул мыйзамга кошумча өзгөртүү киргизүү боюнча Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде талкууланып биринчи окуудан өткөн.

Акыйкатчы айтылган маселе боюнча Өкмөт менен Жогорку Кеңешке кайрылууга убада берди.