КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Биринчи Май сотунун экс-генпрокурор Аида Салянованы Бишкек ш. №1 ТИЗОдо камакта кармоо чечими боюнча өз пикирин билдирди
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы биздин өлкөнүн ар бир жаранынын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, КР бийликтин бардык бутактарынын мыйзамды сакташын жана мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл кылууга, ошондой эле КР тийиштүү мыйзамдарына ылайык сот чечиминин чыгышына жана процесстеринин жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө парламент тарабынан берилген ыйгарым укуктарды жана милдеттерди эске алуу менен Бишкек шаардык сотуна төмөндөгүдөй сунуштамалар менен кайрылат:
“ 1)Кылмыш ишин карап, соттук чечимдерди кабыл алууда КР соттору калыс жана бейтарап болууну эске алышы шарт.
Буга байланыштуу, 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга катыштыгы бар делип, КР экс-генпрокурору Аида Саляновага карата “коррупция” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинде азыркы учурда бир гана КР жаза өтөө жайларында мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча (атайын прокурор) М. Акматалиевдинкөрсөтмөсү болуп жатканын ынтаа коюу менен эске алуу кажет.
2) КР экс-генпрокурору А. Саляновага карата буга чейин сот тарабынан башка кылмыш иши боюнча соттун өкүмү бар экенин жана үч жаштагы кызы 14 жашка толгонго чейин жаза мөөнөтүн өтөө кийинкиге жылдырылганын эске алуу керек. Демек, А. Салянова чет өлкөгө чыгып кете албайт, андыктан милдеттүү түрдө №1 ТИЗО кармап камоо кажет эмес.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 107-беренесине ылайык:
“Бөгөт коюу чаралары кылмыш жана (же) жорук жасалгандыгына негиздүү шектенүү болгондо жана шектүү, айыпталуучу төмөнкүдөй экендигин болжоого жетиштүү негиздер болгондо колдонулат: 1) сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдан же соттон жашырынып кетүүсү; 2) ишти сотко чейинки өндүрүштө жүргүзүүгө жана сотто териштирүүгө тоскоолдук кылышы мүмкүн экендиги...”
3) 2017-жыл 2-февралдан тартып Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 11-беренесинин 3 п. ылайык , “Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу тандалып алынган адамды, ошондой эле кылмыш жана (же) жорук жасоодо шектүү болуп кармалган адамды камакта кармоо анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбей турган шартта жүзөгө ашырылууга тийиш".
Мен №1 ТИЗО А. Саляновага кезигүүгө бардым, биз барган учурда ал жүрөгү ооруп мекеменин медицина бөлүмүндө экен, тез жардам да чакырылыптыр. Кармоо режимине жана мекеменин кызматкерлеринин иш-аракеттерине А. Салянова тарабынан даттануу болгон жок.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 106-беренесине ылайык, бөгөт коюунун башка чаралары да каралган, атап айтканда- башка жакка кетпөө жөнүндө кол кат алуу; күрөө алуу; үй камагы. Жогоруда айтылгандарды эске алып, Бишкек шаардык сотуна А. Саляновага карата буга чейин тандалган “Камакта кармоо” баш коргоо чарасын “үй камагына” алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайм”.