Акыйкатчы Аппараты КР Өкмөтүнөн чет өлкөдө паспорту жок эки мамлекеттин чек арасында калган этникалык кыргызга атайын комиссия түзүп жардам берүүнү суранды
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын электрондук дарегине, КР мамлекеттик чек арасына өтүү үчүн 1990-жылы туулган Эрлан Памиров аттуу адам жардам сурап кат жазган.
Э. Памиров өзүнүн катында жазгандай, 2014-жылы россиялык паспорт алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгына чыгуу боюнча арыз жазган. Бул арыз КР КР мыйзамдарына ылайык, өлкөнүн Чек ара кызматынын жана Мамлекттик каттоо кызматынын маалымат базасында жазылып калган. Андан соң Э. Памиров Россия Федерациясына чыгып кеткен, бирок ал жактан ага жарандык берүүгө баш тартышкан.
2019-жылдын 25-июнунда КР «Акжол-Автодорожный» көзөмөлдөп өткөрүүчү пунктунан Э. Памировдун КР жарандыгы жоктугуна байланыштуу, Кыргызстандын чек ара кызматынын кызматкерлери анын жарактан чыккан паспортун алып коюшуп, өзүн КР территориясына өткөрбөй коюшкан. Буга байланыштуу, Э. Памиров Кыргызстанга кире албай же Казакстандын территориясына кире албай, эки өлкөнүн ортосундагы транзиттик аймакта калып калганына бир жума болгон.
Бул арыз боюнча Акыйкатчы институту Мамлекеттик чек ара кызматына тийиштүү кат жөнөтүп, кырдаалды териштирип, мүмкүнчүлүк болсо жардам берүүнү өтүнгөн. Келген жоопко таянсак, Эрлан Памиров 2019-жылдын 25-июнунда «Акжол-Автодорожный» өткөрүүчү пунктуна Кыргызстанга кирүү үчүн келип, жалпы жарандык AN3713369 номерлүү, МКК 50-00 тарабынан 22.11.2013-ж баштап берилген паспортун көрсөткөн, МКК оперативдик табыштамасына ылайык, каттоо учурунда көрсөткөн паспорт жараксыз экени белгилүү болгондуктан, ал паспорт алынып, КР чек арасына өтүүгө тыюу салынган.
Ушуга байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы боюнча (Омбудсмени)» мыйзамдын 8 жана 12 пунктуна таянып, ошондой эле оор кырдаалга тушугуп калган кыргызстандыкка (этникалык кыргызга) укуктук жана мамлекеттик жардам берүү максатында, КР Акыйкатчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү иштерди кылышы керек деп эсептейт: 1) кыска убакыттын ичинде Э. Памировдун статусун аныктап, мамлекеттик чек арадан өткөрүү маселесин чечүү үчүн жумушчу топ түзүп, анын ичине КР Өкмөтүнүн, УКМК, Башкы Прокуратуранын, ИИМ, МКК өкүлдөрү киришсин; 2) Жумушчу топ «Акжол-Автодорожный» көзөмөлдөп өткөрүү пунктуна тезинен барышып, Э. Памировго сурамжылоо жүргүзүп, ага алгач «кайрылман» статусун берип, андан кийин КР жарандыгын берүү боюнча тийиштүү арызын жаздырып же болбосо бул маселени чечүүгө башка жолдорун издесин.