Кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракетинен улам келтирилген зыяндын орду толтуруу боюнча арыз ээсинин конституциялык укугу сакталабы

27/08/2019 - 11:21

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атына Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы ички иштер бөлүмүндө мурда аймактык милиция болуп иштеген Мелис Турсуниязов кайрылды. Ал Акыйкатчы жеке кабыл алган күнү келип, 30 жыл мурда болгон окуяны айтып отурду. 

Ошол 1988-жылдын 28-август күнү кечинде аймактык жаш милиция кызматкерине Сары-Булак капчыгайында бир нече адамдар кара куурай терип жүрүшкөнү боюнча маалымдашат. Милиция кызматкерлери кылмыш болуп жаткан жерге чыгышат. Арал айылындагы тоо жолунун боюнда катуу ылдамдыкта келаткан “Москвич” автоунаасынын айдоочусу МАИ инспекторунун “токто!” деген талабына моюн сунбастан, ылдамдыкты ого бетер күчөтүшөт. Кийин билингендей, машиненин артындагы жүк салгычында кара куурай толтура болгон. Алар колго түшкөндө Кылмыш кодексинин беренеси боюнча жоопкерчиликке тартылаарын билип качышкан. Шектүүлөр кууп жете келген милициянын автоунаасын бир нече ирет кысып, жолдон сүрүп чыгарууга аракеттенишип, кырсыктуу кырдаалды түзүшкөн. Бир убакта “Москвич” жолдон бурула берип, жарга барып такалгандыктан, анын ичиндегилер автоунаадан түшүп, адырды көздөй качышат. Айрымдарында ок атуучу курал бар болгондуктан, милиция кызматкерлери тарапка ок чыгарышкан.  Ал учурда караңгы кирип калгандыктан, милициялар качып баратып аларга карата ок чыгаркан кылмышкерлердин көлөкөлөрүн гана көрүшкөн Милиция кызматкерлери дагы “токто!” –деген талап менен асманга ок атышкан. Качып бараткандардын бири бадалдын арасына кирип кеткенин көрүп, артынан барышса жерде жаткан болот. “Тур!” деген команданы укпагандыктан, бери каратып оодарышса жарадар экен. Шектүү ооруканага жеткирилип бараткан жеринен каза болуп, бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Жумгал райондук элдик соту М. Турсуниязовду 1988- жылдын 6- декабрындагы өкүмү менен Кыргыз ССРнин КЖКнин 178 беренесинин 2 бөлүгү, 99 беренесинин 2 бөлүгүндө (1960 жылдагы редакция) каралган кылмышты жасады деп  айыптап күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөө керек деген чечим менен 5 жылга эркинен ажыратып соттогон (башкача айтканда  кызмат абалынан кыяматтык менен пайдаланып ок чыгаруучу куралды колдонуу менен байкоосуздан киши өлтүрүү боюнча)

1989-жылы 24-январда Ысык-Көл облусунун кылмыш иши боюнча соттук коллегиясы өкүмдү өзгөртүүсүз калтыруу боюнча аныктама чыгарышкан.

1991-жылы 6-июнда Турсуниязов Мелисбек Макеновичке карата Жумгал районунун элдик сотунун 1988-жылы 6-декабрда чыккан өкүмү менен Ысык-Көл облусунун кылмыш иши боюнча соттук коллегиясынын 1989-жылы 24-январындагы аныктамасын өзгөртүү боюнча Нарын облустук сотунун президиумунда  токтом чыккан. Т.а. соттук чечимдерден 2 КЖК. 99 бер. боюнча тагылган айыпты алып таштап, калган бөлүгүн өзгөртүүсүз калтырган.

 2012-жылы 10-апрелде М. Турсуниязов Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурага бул ишти жаңы ачылган жагдайлар менен карап, кылмыш ишин козгоп, тергөө аракеттерин көрүү арызы менен кайрылган.

2012-жылы14-сентярбрда Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасы тарабынан М. Турсуниязовго карата №“123-88-82 кылмыш иштери боюнча жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот өндүрүшү козголуп, Нарын прокуратурасына жиберилген.

 2015-жылы 13-январда Нарын облустук кылмыш иштери жана администартивдик укук бузуу иштери боюнча соттук коллегиясы аныктама чыгарган. Анда М.М. Турсуниязовго карата Жумгал районунун 1988-ж 6-декабрда чыккан өкүмү, Ысык-Көл облусунун 1989-ж 24-январда чыккан аныктамасы жана Нарын облустук сотунун  президимунун 1991- 6-июнда чыккан аныктамасы жокко чыгырып, кылмыш ишти  кайрадан кароо боюнча Жумгал райондук сотуна жөнөткөн.

 Жумгал райондук соту ишти кароо учурунда М. Турсиниязовду күнөөлөп, өз пикирин билдире бергендиктен соттолуучу  сот бул ишти карашына каршы болуп, баш тарткан. Кылмыш иши Кочкор райндук сотуна жиберилип, Кочкор райондук соту ишти Нарын облустук Прокуратурасына териштирүүдөгү кемчиликтерди табуу үчүн жөнөтөт. Аталган токтом боюнча арыз КР Жогорку сотуна жазылып, анда токтом жокко чыгарылып, иш маңызы боюнча каралсын деп жөнөтүлөт.

Андан кийин кылмыш иши Нарын райондук сотунда териштирилет.

2016-жылы 28-мартта Нарын облусунун Нарын райондук соту Кыргыз ССР КЖК 178 бер. 2 бөлүмүнда каралган  М. Турсунизовдун иш-аракетинде кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу актаган.

 2016-жылы 10-майда Нарын облустук соту актаган өкүм чыгарган. Андан соң М. Турсиниязов күнөөлүү эместигин КР Жогорку сотунда далилдегенге аргасыз болгон.

Күнөөсүз эместигин далилдегенге каза болгон адам артынан эмес, алдынан атылган (балким баңгичилер өзүнүн кишисин атып алышкан) деген эспертизанын корутундусу жардам болгон;

ошондой эле экспертизанын корутундусу боюнча аныкталгандай,  7,62 мм калибрлүү куралдан атылганы жана анын теринин үзүндүлөрүндө коргошундун изи табылган. А М. Турсуниязовдон болсо “Макаров” үлгүсүндөгү табелдик куралы 9 мм калибр жана андан жездин изи табылган. 25 жыл өткөндөн кийин көптөгөн экспертизалар (анын ичинде комиссиялык, кошумча) М. Турсуниязов күнөөлүү эмес экендигин далилдешкен.

М. Турсиниязов сот аркылуу акталган. Акыйкат чечим 28 жылдан кийин чыкса дагы ал буга өтө кубанган. Анткени бул чечим ага 28 жылдан бери болуп жабышып келген клеймону алып таштаган.

 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 39 беренесине ылайык, “Ар ким мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын кызматтык милдеттерин аткаруудагы мыйзамсыз аракеттери аркылуу келтирген зыяндын ордун толтуруп алууга укуктуу”.

Ошондуктан, М. Турсиниязов сот аркылуу тийиштүү чыгымды өндүрүп алуу ниетинде. КР КПК  148 бер. ылайык (1999-жылдын 30-июнунун №62 боюнча) жаран:

  1. мүлктүк зыяндын, иштеп тапканынын, пенсиясынын, пособиесинин, мыйзамсыз аракеттердин, соттун өкүмүнүн же чечиминин негизинде мүлкүн мыйзамсыз конфискациялоонун же мамлекеттин кирешесине өткөрүүнүн натыйжасында өзү ажырап калган башка каражаттардын соттун мыйзамсыз өкүмүн аткаруу үчүн өндүрүлүп алынган айыптардын жана процесстик чыгымдардын; юридикалык жардам көрсөтүү үчүн төлөнгөн суммалардын жана башка чыгымдардын ордун толтурууга;
  2. моралдык зыяндын кесепеттерин жойдуртууга;
  3.  эмгектик, пенсиялык, турак жай жана башка укуктарын калыбына келтиртүүгө укуктуу.

Белгилей кетүү керек, Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү 2016-жылдан баштап райондук жана облустук соттордун отурумунда мониторинг жүргүзүп келишкен.

Токон Мамытов М. Турсуниязовду жана анын жактоочусун кунт коюп угуп, аппараттын тийиштүү бөлүмүнүн кызматкерлерине М. Турсиниязовдун доо арызы боюнча мониторинг жүргүзүү тапшырмасын берди.