Акыйкатчы аппаратында Кыргызстандын чет өлкө абактарындагы жарандарын экстрадициялоодогу көйгөйлөр талкууланды
Акыйкатчы аппаратынын конференц-залында Кыргызстандын жарандарын экстрадициялоо жараянында келип чыгуучу көйгөйлөр жана аны чечүүнүн жолдору талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын 2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө жылдык баяндамасын угуу учурунда Жогорку Кеүештин депутаттары тарабынан чет өлкөдөгү жаза мөөнөтүн өтөп жатышкан жарандарыбыздын абалы тууралуу маселелер боюнча сунуштар түшкөн эле. Депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен бул маселени чечүүнүн жолдорун табууга көмөк көрсөтүү максатында КР Акыйкатчысы тарабынан ушул теманы талкуулоо боюнча кеңири жыйын уюштурулду. Ага Акыйкатчы аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле мамлекеттик бир катар органдардын өкүлдөрү чакырылган.
Атап айтканда, талкууга КР Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурору Т.Мамыркалиев, КР ТИМ Консулдук департаментинин директорунун орун басарыжарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргообоюнча бөлүмүнүн башчысы М.Көчөрбаев, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын миграциялык саясат бөлүмүнүн башчысы М.Бейшенов, КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүмдөрдү аткаруу жана атайын эсеп башкармалыгынын башчысынын орун басары А.Идирисова жана ушул эле башкармалыктын инспектору Б.Кабаев катышты.
Жолугушууну ачып жатып, КР Акыйкатчысы Токон Мамытов, экстрадициялоо маселелери азыркы учурдун күн тартибинде курч турууда, анткени учурда миллионго чукул мекендештерибиз чет өлкөлөрдө миграцияда жүрсө, алардын ичинен дээрлик 1700 жараныбыз тигил же бул кылмышы үчүн абак жайларда кармалууда.
КР Мыйзамдарына ылайык соттолгондорду андан ары жаза мөөнөтүн өтөө үчүн же жазага тартуу үчүн экстрадициялоо милдети Башкы прокуратурага жүктөлгөн. Ошондой эле бул маселени укуктук өңүттөн алганда ушул жерде катышып олтурган мамлекеттик органдардын ар бирине жүктөлгөн.
Башкы прокуратуранын өкүлү, бул маселе өтө узак жана татаал маселе экендигине токтолду. Анткени абакта жаткан адамдын туугандарынын өтүнүчү боюнча айлап, жылдап кат жазышып, такташып, мына эми алып келүүгө документтери даяр болуп калганда соттолгон адам бул жакка келүүдөн баш тарткан учурлары да бар экенин белгиледи..
Ал эми Консулдук кызматтын өкүлү Элчилик жана Консулдуктун кызматкерлери тарабынан чет өлкөдөгү абактагы мекендештерибизге көрсөтүлүп жаткан түшүндүрүү иштерине токтолду. Соттолгондорду чет өлкөдөн алып келүү үчүн визалык колдоо да зарылдыгын белгиледи.
ЖАМК өкүлдөрү да экстрадициялануучу жарандарды алып келүүгө байланышкан кыйынчылыктарды ортого салды. Бир эле адамды чет өлкөдөн алып келүүгө үч кызматкер иш сапарга жөнөтүлүүгө тийиш. Алардын жол кире чыгымдары, тамак-ашы жана башка чыгымдары олчойгон каражатты түзөт. Анын баары ЖАМК бюджетинде жетишсиз.
Мындан тышкары ЖАМК белгилегендей, быйылкы жылы Кыргызстанга 101 адам алып келинген. Алардын 63 кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн, ал эми 38и жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн алып келинген.
Дагы бир көйгөй чет өлкөдө жабык жайлардагылардын паспорттору жок. Бул алардын колонияларда жумушка орношуусуна же кесиптик билим алуусуна кедергисин тийгизет.
Жолугушуу учурунда ошондой эле Миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн эмгек мигранттарына көрсөтүп жаткан ар тараптуу колдоолору тууралуу да сөз болду.
КР Акыйкатчы аппаратынын жарандык-саясий укуктарды, мигранттардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жоктордун жана аскер кызматкерлеринин укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Замир Өмүрзак уулунун айтымында, экстрадиция маселелеринде биз чет өлкөлөрдө абакта жаткан жарандарыбыздын абалын жакшыртууну көздө тутуубуз керек.
Жолугушуунун аягында, мекендештерибизди экстрадициялоо маселелерине байланышкан маселелерди биргелешип, оң жагына чечүү максатында ведомстволор аралык комиссияны түзүүнүн зарылдыгы белгиленди.