Бишкекте Убактылуу кармоочу жайдагы адамдардын толук кандуу медициналык байкоого укуктары талкууланды

17/11/2019 - 17:09

Бүгүн, 2019-жылдын 16-октябрында, КРдагы Германия Федеративдик Республикасынын элчилигинин жана ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинин колдоосунда "Ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу жайындагы адамдарды натыйжалуу медициналык документтик камсыздоо" аталышындагы тегерек стол болуп өттү.

Иш чараны ачып жатып, КР Акыйкатчысы Токон Мамытов убактылуу кармоочу жайларга мониторинг Бишкек шаарында, Нарын жана Ысык-Көл облустарында жүргүзүлгөнүн маалымдады. Аны КР Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмү жана “Голос Свободы” коомдук фонду жүргүзгөн, анын натыйжасында бүгүнкү күндө республиканын ИИБ УКЖларында киргизилип жаткан адамдарды медициналык бкароодон өткөрүү маселелериндеги системдүү олуттуу көйгөйлөр аныкталган.

Атап айтканда, медициналык жардам, медициналык кароону кошо алганда, баштапкы медициналык-санитардык жардамдын аракеттеги улуттук стандарттардагы деңгээлине  ылайык келе бербейт.

Адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык уюмдар адам убактылуу кармоочу жайга келээринде (кетээринде да), ошондой эле кармалгандын өтүнүчү боюнча ыкчам жана натыйжалуу байкоо жүргүзүүнүн зарылдыгын белгилешет, бул кыйноолорго жана башка адамгерчиликсиз, таш боор мамилеге каршы кепилдиктин негизги элементи болуп калмак.

Акыйкатчы: мамлекеттин милдеттеринин бири  жарандарды убактылуу кармоочу жайга киргизүүдө толук кандуу баштапкы кароодон өткөрүү (күбөлөндүрүү) да кирееэрин эске асалды. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси ушундай кепилдиктерди камтыйт, аны аткаруу керек.  Бүгүнкү талкуу адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү  мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын аракеттерин бириктирип, ишти жакшыртууга түрткү берээрине ишенгенин билдирди.

Андан кийин Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн жана “Голос свободы” коомдук фондунун өкүлдөрүнүн ушул багыттагы иштеринин отчеттору презентацияланды. 100 мониторингдик баруулар болуп, кармалгандардын 300дөн ашуун өздүк иштери иликтөөгө алынган.

Бул чөйрөдөгү маанилүү маселелер катары 1) республикада  ИИБ УКЖга киргизээрден мурда медициналык күбөлөндүрүүнүн бирдиктүү жараяны жана унификацияланган формасынын жоктугу;

2) өлкөнүн убактылуу кармоочу жайларында медициналык кароо/күбөлөндүрүүдө медициналык маалымкаттарды түзүүдөгү чаржайыттык белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда ИИБ убактылуу кармоочу жайларына киргизүүдө  адамдарды медициналык кароо/күбөлөндүрүүнүн бирдиктүү медициналык формасын, эрежелерин жана жол-жобосун жүргүзүү боюнча бирдейликти иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык атайын топту түзүү  чечими кабыл алынды.  

Ушуларга байланыштуу Кыргызстандын Акыйкатчысы  КР Саламаттык сактоо министрлигине ушундай жумушчу топту түзүүгө жана аталган топтун ишин жөнгө салуу ыйгарым укук берүүнү, жумушчу топко ИИМ, ЖАМК, Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду, Акыйкатчы аппаратынан, адвокаттардан, коммерциялык эмес уюмдардан жана адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык жана улуттук эксперттердин өкүлдөрүнөн кошууну сунуштады.