Кыргызстандын Акыйкатчысы аймактардагы ММК кызматкерлерин Ардак грамоталары менен сыйлады
“Эркин Тоо” улуттук гезитинин биринчи санынын жарык көргөн күнүнө карата (1924-жыл, 7-ноябрь, азыркы “Кыргыз Туусу”)) КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 1993-жылдын 1-ноябрынан тарта 7-ноябрь Кыргызстандын массалык маалымат кызматкерлеринин ( гезит-журнал, радио, телевидение, басмаканада иштеген) күнү деп жарыяланган. Ушул датага карата КР Акыйкатчысынын буйругуна ылайык, ар кайсы облустарда эмгектенген жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү сыйланышты. Акыйкатчынын Ардак грамоталарын Омбудсмендин облустардагы өкүлчүлүктөрү тапшырышат.
Атап айтканда, 7-ноябрь Улуттук басма-сөз жана маалымат күнүнө карата “адам укуктары жана эркиндиктерине кошкон салымы жана Акыйкатчы институту менен укуктук-маалыматтык жаатта тыгыз жана жигердүү кызматташканы үчүн” КР Акыйкатчысынын Ардак громатасы менен төмөндөгүлөр сыйланды:
Жалал-Абад облусу:
- Руслан Калматов- “Азаттык медиасынын” Жалал-Абад облусу боюнча кабарчысы;
- Уулкан Кожоева - Жалал-Абад мамлекеттик телерадиокомпаниясынын продюсери;
Ош облусу:
- Таштемир Жалиев- “ЭлFM” радиокомпаниясынын директору;
- Киздаркан Тохтасинова-«ЭлТР» телекомпаниясынын тележурналисти;
Баткен облусу:
- Адылбек Акматов -«Баткен таңы» облустук гезитинин башкы редактору;
- Кундуз Жоробекова Баткен ОМТРК редактору;
Талас облусу:
- Сайкал Калыгулова-“Акипресс” маалымат агенттигинин Талас облусу боюнча координатору;
- Бурмагүл Чабдарова- Талас областтык телерадиокомпаниясынын башкы директорунун орун басары
Нарын облусу:
- Лариса Калдыбаева- Нарын облустук телерадиокомпаниянын башкы редактору
- Турдалиева Гүлзада - «Теӊир-Тоо газетасынын журналисти ;
Ысык-Көл облусу:
- Жанара Сагындыкова- Ысык-Көл облустук телевидениесинин кабарчысы;
- Нурдин Урманбетов- Ысык-Көл облустук телевидениесинин оператору;
Чүй облусу:
- Убайдакан Кайдулатова - Сокулук райондук «Элдик трибуна» гезитинин редакторунун орун басары;
- Айзада Дуйшенбаева- «Эркин-Тоо» гезитинин кабарчысы.