Бишкек шаарынын Свердлов районунун судьясынын соттук аныктамасына КР Акыйкатчысы Токон Мамытовдун комментарийи

14/12/2019 - 14:50

Бул күндөрү Бишкекти каптаган нааразычылыктардын толкуну жана эмоционалдык ой бөлүшүүлөр республикабыздын маалымат айдыңында иштеген «Azattyk.org», «Kloop.kg» жана «24.kg» маалымат агенттиктеринин банктык эсептерин камакка алган Свердлов райондук сотунун судьясынын аракетинен улам келип чыкты.

Ар бир судья анын чечими сот процесстеринин бардык катышуучулары үчүн тагдыр чечүүчү мүнөзгө ээ экендигин, акыр аягында ал бүтүндөй алганда өлкө үчүн да маанилүүлүгүн ар качан эсте тутууга тийиш. Ошол себептен анын ар бир чечими ар кандай шартта да төмөнкүдөй эрежелерге ылайык келүүсү керектигин ар бир судья түшүнүүгө жана эсте тутууга тийиш. Ал эрежелер:

– бүтүндөй жана толугу менен мыйзам арибине ылайык келиши;

– тыкыр ойлонулган жана талданган болууга;  

– объективдүү жана жан тартпаган болууга;

– акыл калчап чыгарылган жана адекваттуу болууга; 

– сот процессинин катышуучуларынын кимисинин болбосун азыркы каалаганындай эмес, мыйзамдуу талаптарына шайкеш келүүгө тийиш;

– чыгарып жаткан чечими үчүн гана эмес, ал чечимдин андан аркы залакасы үчүн да жекече жоопкерчиликти сезүү менен чыгарылышы керек. Баары жөпжөнөкөй-жөн гана Мыйзам жолун жолдоо гана керек!

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Матраимовдордун үй-бүлөсү Кыргызстандын ар бир жараны сыяктуу эле, алардын ою боюнча алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кадыр-баркына жана ар намысына доо кетирген  жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн сотко доо арыз менен кайрылууга толук жана мыйзамдуу укуктарга ээ. Матраимовдор бул укугунан пайдаланышты. Анткени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, “кылмышкер” же “коррупционер” деп соттун тиешелүү чечими тааныган соң гана атоого болот. Ошондуктан Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн доо арызын сот өз өндүрүшүнө кабыл алууга тийиш эле.   Арыз өндүрүшкө кабыл алынды, буга чейин баары мыйзам талабына ылайык жүрүп жаткан.  

Мына ушундан кийин окуялар күтүлбөгөн нукта өнүгө баштады. Матраимовдордун үч басылмага жана бир журналистке карата коюлган жалпы суммасы  60 млн. сомдук доо талаптарын аткаруу үчүн жетишээрлик негиздер жок туруп, Бишкек шаарынын Свердлов районунун судьясы алардын банк эсептерин камакка алды.

Бул сумма ашкере чоң гана болбостон, ар кандай маалыматтык басылма үчүн көтөрө алгыстыгы жана эгер аны сот колдогон шартта ал басылмалар банкроттукка дуушар болуп, жалпыга маалымдоо каражатынын жабылышына алып келээрин баары эле түшүнөт.

Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимованын аныктамасын  «Медиа Полиси» уюму тарабынан Кыргызстандын ММКларын коркутуу жана аларга карата басым катары атаганы ушуну менен  түшүндүрүлөт.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык (ММКлар жөнүндө мыйзамдын 17-беренеси), жаран же уюм массалык маалымат каражаттарынын чындыкка ылайык келбеген же өз ар намысына, кадыр-баркына шек келтирүү менен жарыяланган маалыматтарды жокко чыгарууну талап кылууга укуктуу.

Жокко чыгарууну жарыялоодон баш тартылган учурда ишке тиешеси бар тарап сотко кайрылууга укуктуу.

Мыйзамдын бул ченеми Матраимовдор тарабынан пайдаланылган жок.

Матраимовдор кайрылган Свердлов райондук соту доо арызды өндүрүшүнө алышы керек болчу, аны өндүрүшүнө алды. Бирок жоопкерлердин банктык эсептерин судья Жылдыз Ибраимова тарабынан шашылыш камакка алынышы КР Жарандык-процесстик кодексинин 145-беренесине ылайык жүргүзүлсө да, ошол эле учурда Матраимовдор тарабынан талап кылынган, аша чапкан суммасы  60 миллион сомдук доону судья өндүрчүдөй таасир калтырды.

Мындай шартта «Azattyk.org», «Kloop.kg» жана «24.kg» маалымат агенттиктери жана алардын жактоочулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Свердлов райондук сотунун судьясынын аныктамасын Бишкек шаардык сотуна даттанууга болмок.   Кырдаал жогорку эмоционалдык толкунга  келип, ар кандай активисттердин андан аркы митингдерге жана массалык нааразылык акцияларына чакырыктарына жол койду.  Кыргызстандын ММКлары да өз ишмердигинде жана билдирүүлөрүндө чыр-чатак жагдайларды жана талаш-тартыштарды тынч чечүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырышса болмок.   

Тилекке каршы, бул мисал доогер тарабынан жоопкерден чоң суммадагы моралдык компенсация өндүрүү талабы коюлган биринчи учур эмес. Бул жерде өлкөнүн мыйзамдарындагы бир көйгөй -  моралдык зыян үчүн компенсациянын суммасын аныктоо жөнүндө ченемдин жоктугу соттук чаржайыттыкка алып келет.

Мындай көйгөйлөр тууралуу КР Акыйкатчысынын “2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө баяндамасында” камтылган, анда моралдык зыян үчүн компенсациянын суммасынын жогорку чегин белгилөөнүн максатка ылайыктыгы маселеси көтөрүлгөн. 

КР Акыйкатчы аппаратына жарандардан келип түшкөн бир катар арыздарды кароонун жана талдоонун натыйжасында, КР Акыйкатчы Институтунда төмөнкүдөй бүтүмгө келишкен, айрым учурларда Кыргызстандын судьялары тарабынан өндүрүлүүчү суммалар акылга сыярлык жана адекваттуу болбогон учурлары бар.  Ушуларды эске алуу менен Акыйкатчы КР Өкмөтүнө сунуштама менен кайрылып, КР Жарандык кодексинин 1028-беренесин, 4-бөлүк менен төмөнкү мазмунда толуктоо киргизүү сунушталган: “Моралдык зыян үчүн компенсациянын суммасынын жогорку чеги  5000 (беш миң) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш” деген ченем менен толуктоо сунушталган. Бул сумма бүгүнкү күндө 500 миң сомду түзмөк.   

Комментарийдин аягында дагы бир нече учурларды белгилеп койгум келет. Биринчиден, бул иш Кыргыз Республикасынын  Акыйкатчы аппаратынын көзөмөлүнө алынган, аппараттын кызматкерлери бул сот процессине мониторинг жүргүзүшөт.  Экинчиден, – Кыргызстандын соттук корпусу алардын чечиминен кыргызстандыктардын гана тагдыры эмес бүтүндөй өлкөнүн да тагдыры – Кыргызстандын ичиндеги бейпилдик жана адилеттүүлүк, ошондой эле республиканын дүйнөлүк аренадагы бедели   көз каранды экендигин эсте тутуусу зарыл.  

КР Акыйкатчысы (Омбудсмени)

Т. Мамытов