КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) жарандардын турак жайларын мамлекеттик керектөөлөр үчүн алып коюу маселелерине арналган эл аралык онлайн иш чарага катышты)

21/08/2020 - 10:44

Кечээ, 20-августта, КР Акыйкатчы Институтунун жана “Интербилим” эл аралык борборунун Ош облустук филиалынын демилгеси менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышкан “Турак жайга укукту чыңдайбыз” деген аталыштагы аймактык видео-форум өттү. Иш чаранын башкы максаты - “Борбордук Азия өлкөлөрүндө турак-жайды алып коюуда адам укуктарынын жүзөгө ашырылышы” деген темада жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжаларын талкуулоо жана жетиштүү турак-жайга адамдын укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча сунуштар жыйналды.  

Иш чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн кириш сөзүндө КР Акыйкатчысы Токон Мамытов аталган маселелерди мамлекеттик деңгээлде чечүүдө позитивдүү өзгөрүүлөрдүн болушунун мүмкүнчүлүгүн белгиледи, анткени  Борбордук Азия аймагынын көптөгөн өлкөлөрүндө мамлекеттик керектөөлөр үчүн калктын турак жайын алып коюу эрежелери жана процесси дүйнөлүк тажрыйбага ылайык эмес, анткени дүйнөлүк тажрыйбада ар бир мындай учурлар мамлекеттик бирдиктүү акт менен жөнгө салынууга тийиш.   

– Бүгүнкү талкуу калкты татыктуу турак жай менен камсыздоо маселелери боюнча коомчулук менен мамлекеттик түзүмдөрдүн диалогу үчүн кеңири аянтча болоооруна ишеним билдирем. Ошондой эле  жакынкы аралыкта каралып жаткан көйгөйлөрдү жоюуда бирдиктүү чечимдерди иштеп чыгуу үчүн негизги рычагдарды жана векторлорду аныктоого күч аракетибизди жумшайбыз.

Мындан тышкары, мамлекеттик керектөөлөр үчүн турак-жайды алып коюуда жарандардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бузулууларынын мисалдары тууралуу  айтканыбызда, алар Кыргыз Республикасынын жарандык коомунун жана укук коргоо уюмдарынын  өкүлдөрү тарабынан аныкталган укук бузуулардын көп кездешүүчү жана кайталануучу бузууларга акцент жасашты. Алып айтканда, жарандардын жеке менчикке укуктары, келтирилген зыяндын ордун адилеттүү төлөтүп алуу жана жарандардын турак жайын алып коюуда мамлекеттик компенсациянын өтө эле аз өлчөмү тууралуу сөз болду.

КР Акыйкатчы Институтунун өкүлдөрү маалымдагандай, бул көйгөйдү кылдат үйрөнүү үчүн  Акыйкатчы аппаратында атайын жумушчу тобу түзүлүп, анын катарына өкмөттүк эмес укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да кирди. Бул топ бир жыл бою Кыргызстандын жарандарынын турак жайларын  мамлекеттик керектөө үчүн алып коюуда мыйзам бузуу маселелеринин жана фактыларынын үстүндө иш алып барышты. Көрсөтүлгөн аралыкта 119 ушундай учур талдоого алынып, КР колдонуудагы мыйзамдарына талдоо жүргүзүлдү.  Натыйжада, Кыргызстандын мыйзамдарында мындай алып коюулардын жана андан ары жарандарга тийиштүү өлчөмдө компенсация төлөө тартиби жөнгө салынбаганы аныкталды.

Форумдун ишинин жүрүшүндө Борбордук Азиянын жеткиликтүү турак-жайга болгон адам укуктарын камсыздоого байланышкан аймактык баяндамасын, Борбордук Азиянын төрт өлкөсүндө турак-жайды мажбурлап алып коюулардын алдын алуу, болтурбоо маселелри боюнча көрүлүп жаткан жол-жоболор жана чаралар тууралуу талкуулоо да болду.  Мындай турак-жайдан чыгарып коюулар, орун которуулар эл аралык стандартка ылайык кандай тажрыйба болоору да талкуунун өзүнчө темасын түздү.

Жолугушууга Омбудсмен офисинен КР Акыйкатчысы Токон Мамытов, КР Акыйкатчысынын орун басары Ерлан Алимбаев, Социалдык-экономикалык укуктарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Салтанат Касымбекова катышты.

Иш чарага КР Жогорку Кеңешинин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасы Н.Никитенко, “Интербилим”ЭУ Оштогу филиалынын жетекчиси, Жетиштүү турак жайга укук боюнча Борбордук Азия тармагынын мүчөсү  Г. Мамасалиева, Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Борбордук Азиядагы аймактык өкүлү Ришард Коменда; Казакстан Республикасынын мажилисинин депутаты И. Смирнова; Казакстан Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Азимова; Өзбекстан Республикасынын Олий мажилисине караштуу Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А. Юнусова; Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу турак жай  кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобунун өкүлү Т. Азизова; “Кыргызстан-Сорос фонду” программалык  координатору Н. Картаңбаева; Жеткиликтүү турак-жайга укук боюнча Борбордук Азия тармагынын координатору Ш. Давлатова; “Казакстанда парламентаризмди өнүктүрүү фонду” коомдук фондунун жетекчиси,  Жеткиликтүү турак-жайга укук боюнча Борбордук Азия тармагынын мүчөсү З. Баталова; адам укуктары жана социалдык саясат боюнча көз карандысыз эксперт, Массачусетс Технологиялык институтунун (DRAN MIT) калктын жер которуусу боюнча изилдөө тармагынын улук кеңешчиси,  БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жеткиликтүү турак жай маселелери боюнча мурдагы Атайын баяндамачысы Милун Котари;  Борбордук Азиянын төрт өлкөсү - Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын парламенттеринин жана өкмөттөрүнүн өкүлдөрү жана эл аралык укук коргоо институтунун өкүлдөрү, жарандык сектордун жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү  катышышты.