Кыргызстандын Акыйкатчысы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Жазык инспекциясынын кызматкерлерине мунапыс мыйзамдарынын ченемдерин так жана өз убагында аткаруу зарылдыгын эскертти

28/08/2020 - 10:03

КР Акыйкатчысына (Омбудсменине)  КРӨнүн алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү тарабынан мунапыс боюнча бошотуу укугу бузушканына арызданып А.Э. аттуу жаран кайрылган. 

Колдо болгон маалыматтар боюнча, соттолгон А.Э.  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 104-бер. 2 б. 4,5,10 п. боюнча (пайда табуу жана хулигандык максаттарда,  адамдардын тобу алдын ала макулдашуу жолу менен саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан ТК-2 (Степное айылындагы аялдар колониясына) 7 жылга эркинен ажыратылган. 

Анын жактоочусунун апелляциялык арызында 2015-жылдын 23-июнунда Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиянын өкүмү менен, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмүн аткаруу соттолгон А.Э.нин баласы 14 жашка толгонго чейин, б.а.2019-жылдын 23-сентябрына чейин жылдырылгандыгы көрсөтүлгөн. Соттолгондун (анын жашаган жеринде) мындан аркы жүрүм-турумун көзөмөлдөө КРӨ алдындагы Мамлекеттик Жаза аткаруу кызматынын жазык аткаруу инспекциясынын тиешелүү бөлүмүнө жүктөлгөн, анын кызматкерлери кызматтык милдеттерин так аткарышпагандыктан, 2015  жана 2016-жылдары жарыяланган мунапыс актыларынын   жоболорун ага карата колдонгон эмес.

Арыз ээсинин кайрылуусун изилдеп жатып, КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери А.Э. карата чындыгында, 2015-жылдын 24-июнундагы мунапыс актынын жоболоруна ылайык, атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон аялдардын жазанын өтө элек мөөнөтү 10 жылга чейин (кошо алганда) үчтөн бирине чейин кыскартылышы керек –дегени колдонулбаганын аныкташкан. Мындан тышкары  «Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» мыйзамынын 3-бер. 2-п. ылайык, атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон аялдардын жазанын өтө элек мөөнөтү 10 жылга чейин (кошо алганда) үчтөн бирине чейин кыскартылууга тийиш болгон. Ушул мыйзамдын 14-пунктуна ылайык, аны аткаруу сотторго жана КРӨ алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Жазык инспекциясына жүктөлгөн. Бирок, соттолгон А.Э.ге карата бул мыйзамдын 14-пункту аткарылган эмес.

 Жогоруда келтирилген фактыларды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы КРӨ алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасына өз иш-аракеттери / аракетсиздиги менен А.Э.нын укугун бузган кызматкерлерге тартиптик жаза чараларын көрүү зарылдыгы жөнүндө тиешелүү кайрылуу жөнөттү.  Мындан тышкары, жазык тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөгөн Прокуратурага Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин аныкталган бузулушун четтетүү үчүн КРӨ алдындагы Жаза аткаруу тутумунун органдарындагы жана мекемелериндеги мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча сунуштама жөнөткөн.

- Эгерде соттор жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери соттолгон А.Э.ди бошотуу үчүн жогорудагы эки мунапыс жетишсиз болсо анда 2020-жылдын 8-майынан тартып (№53) тартып күчүнө кирген  1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» мыйзам бар. Анүстүнө, А.Э. жалгыз бой эне, анын багуусунда эки кичинекей баласы жана улгайган энеси бар экен-деп эскертти Акыйкатчы.