Кыргызстандын Акыйкатчысы БШК төрагасына кайрылып, жарандардын УШКларга массалык түрдө катталуу фактыларын текшерүүнү сунуштады

29/09/2020 - 17:09

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабековага кайрылып, жарандардын участкалык шайлоо комиссияларына №2 формасы боюнча массалык катталуу фактыларын ыкчам жана дыкаттык менен текшерүүнү суранды (№2 формасы- катталган жеринен башка жерде добуш берүү үчүн шайлоо дарегин өзгөртүү,). 

Бул кайрылууга негиз болуп,  КР Президенти С. Ш. Жээнбековдун быйылкы жылдын 1-сентябрында мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн КР Коргоо кеңешинде белгилеген позициясы, он эки партиянын лидерлеринин БШКга ачык кайрылуусу жана КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасындагы жарандардын шайлоого жана шайланууга укуктарын жүзөгө ашыруу  укуктарына мониторинг жүргүзүүсүнүн алдын ала жыйынтыктары эсептелет.  Парламенттик шайлоо кампаниясынын жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү Борбордук Азиядагы Стратегиялык анализ, диалог жана өкүктүрүү борборунун (CASCADD).колдоосунда КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тарабынан улантылып жатат.

Акыйкатчы республиканын жарандарынын шайлоо укуктарынын жана шайлоо мыйзамдарынын бузулууларына жол койбоо керектигин эскертет. «Жарандардын шайлоо жана шайлануу укуктары – негизги укуктардын бири, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүшү, анын тынчтыгы жана демократиялык процесстерди андан ары чыңдоо жогорудагы укуктарды жүзөгө ашырууга жараша болот, ошондуктан  ал жүз пайызга камсыз болушу зарыл, бул укукка аздек мамиле жасалуусу керек”-деп эсептейт Токон Мамытов.