КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы ТИЗО-1ден келип түшкөн арыздарды текшеришти

28/04/2021 - 16:11

2021-жылдын 26-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын профилдик бөлүмүнүн кызматкерлери ТИЗО-1ге барышып, анда Акыйкатчы аппаратынын кароосуна мурда жиберилген кайрылуулардын негизинде камактагылар менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү, Тактап айтканда: И.Колесов, Б.Наврузов, К.Ажимудинов, Р.Мамбетжанов, Т.Кенжегуловдор арыз менен кайрылышкан.

Кыргыз Республикасында кармалган Россия Федерациясынын жараны, 1991-жылы туулган И.Колесов сотко чейинки процесстин жүрүшүндө андан акча талап кылган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине карата жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган. Сураган акча 15 миң АКШ долларын түзөт. Ошондой эле, ал тергөөчү А.Патановго чара көрүүнү суранды, ал И.Колесовдун үйүнүн ачкычына ээ болуп, аларды (И.Колесовдун үйүнүн ачкычтарын) мыйзамсыз ээлик кылып алган дагы үчүнчү жактарга өткөрүп берген. Алар жалпы суммасы 1 миллион сомдон ашык буюмдар, тиричилик техникасы жана зер буюмдарды ээлик кылып алган. . Буга чейин И.Колесов тергөөчү А.Патановго чара көрүү жөнүндө Кыргызстандын тиешелүү органдарына бир нече жолу арыз жазган, бирок ал билдирүүлөр боюнча эч кандай чара же иш-аракеттер көрүлгөн эмес. И.Колесовдун айтымында, анын үйүн тоноого «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин СБНОНун кызматкерлери деп күнөөлүү деп эсептейт».

Кармалган И.Колесовдун ТИЗО-1де кармоо шарттарына эч кандай дооматы жок.

Бул билдирүүгө ылайык, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппараты Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин СБНОНнун кызматкерлеринин иш-аракетинин мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен кат жөнөтөт.

К.Ажимудинов ден-соолугунун абалы убактылуу кармоочу жайда отурганда аябай начарлап кетип, пневмония менен ооруганын айтып Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтуна кайрылган. К.Ажимудиновдун айтымында, ал начар көрө баштаган, диабет жана дагы башка өнөкөт үч оорунун күчөшү башталган. Мындан тышкары, ал эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, анын иши боюнча гана соттук отурумдар сот имаратында өтүп жатса, калгандары онлайн режиминде өтүп жаткандыгын белгилеп нааразы болду.

Мындан тышкары, К.Ажимудинов Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары А.Салиев, Кыргыз Республикасынын мурунку Башкы прокурору О.Жамшитов жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин министринин орун басары Э. Аширходжоев байланыштары жана кызматтык абалынан пайдаланып, анын камакта калышына кызыктар болуп жаткандыгын айтты.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, КР Акыйкатчысынын аппараты Башкы прокуратурага мыйзамдын талаптарын сактоо боюнча жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине К.Ажимудиновду муктаж болгон медициналык жардам менен камсыз кылуу өтүнүчү менен кат жөнөтөт.

Кармалган Наврузов Б.Д. анын ишин сотко чейинки тергөө учурунда тергөөчүлөр тарабынан жол берилген одоно процессуалдык мыйзам бузууларга карата арызданган. Анын айтымында, үйүн тинтүү процессинде милиция кызматкерлери анын үйүнө баңги заттарды жана патрондорду атайлап ташташкан. «Менин үйүмдү, жеке участогумду жана имараттарымды тинтүү учурунда 9 милиция кызматкери бир эле мезгилде бардык аймакка бөлүнүп, эки күбө издөөнүн жүрүшүнө толук байкоо жүргүзүшкөнгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Анын үстүнө үйдүн ичиндеги бөлмөлөрдү тинтүү учурунда мен жана менин туугандарымды короого чыгарышып, үйгө киргизген жок. Милиция кызматкерлери ушул кырдаалдан пайдаланып, баңги заттарды, патрондорду ташташкан, ал эми күбөлөргө кол коюу үчүн формалдуу актыларды беришкен. Бул иш толугу менен ойдон чыгарылган», – деди арыз ээси Б.Д.Наврузов.

Б.Д.Наврузов ТИЗО-1де кармоо шарттарына нааразы болгон жок. Ал Акыйкатчынын өкүлдөрүнөн анын кылмыш ишине байланыштуу сот процесстерине көзөмөл жүргүзүүнү суранды.

 Ушул кайрылуу боюнча ушул жылдын 27-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын профилдик бөлүмүнүн кызматкери Чүй облустук сотунда болуп өткөн сот отурумуна байкоо жүргүзгөнү барышкан, бирок жактоочу күбөлөрү келбей калгандыгына байланыштуу кийинкиге жылдырылды.

Арыз ээси Б.Д.Наврузовго Акыйкатчынын өкүлдөрүнүн анын сот ишине катышкандыгы жөнүндө бланктарды тиркөө менен жазуу жүзүндө жооп жөнөтүлдү.

Кармалган Т.К. Кенжегулов Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан катуу сабалып, башы жарылганын даттанып, милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери жөнүндө арыз менен кайрылган. Мындай мамилеге чыдабаган Т.К. Кенжегулов өз жанын кыюуну каалаган, бирок аны менен кошо УКЖда бир камерада жаткан башка адамдар суицид кылуудан сактап калышкан.

Андан тышкары, аталган арыз ээси кылмыш ишинин беренеси туура эмес квалификацияланганына нааразычылыгын билдирди. «Мени уурдаган деген берене менен кармап атышат, бирок мен акчаны уурдаган эмесмин, мага сактоого берилген акчаны кайра калыбына келтирем деп эле коротком», – деди Т.К.Кенжегулов.

Милиция кызматкерлери тарабынан ага карата мындай мамилени (кыйноону) ал мындайча түшүндүрөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети анын арызынын негизинде Ленин райондук ички иштер башкармалыгында иштеген коллегасы кармалган, ошол себептен өчөшүп атышат-дейт. Ушуга байланыштуу, арыз ээси Бишкек шаарынын Биринчи май ИИБнын кызматкерлерине чара көрүүнү жана кылмыш ишинин беренесин кайра квалификациялоого көмөктөшүүнү суранат.

Бул кайрылуу боюнча, КР Акыйкатчысынын аппараты Бишкек шаарынын прокуратурасына жана Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун прокуратурасына Кыргыз Республикасынын Кылмыш – жаза кодексинин беренесинин квалификациясынын тууралыгына кылдат текшерүү жүргүзүү жана Кенжегуловго карата катаал мамиле кылган укук коргоо кызматкерлери боюнча арызды териштирүү өтүнүчү менен кат жөнөтөт.

Ошондой эле, бул арызды Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) жылдык отчетуна киргизүү пландаштырылууда.

Бишкектеги ТИЗО-1ге барган учурда, арыз ээси Р.Мамбетжанов ал жерде болгон эмес, анткени ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында болгон, буга байланыштуу профилдик бөлүмдүн кызматкери Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппараты эртеси күнү (27-апрелде) эртең менен аталган УКЖга келип, анын адвокаты А. Бакировдун өтүнүчү боюнча түшүндүрмө алган.

Белгилей кетүүчү жагдай, мыйзам бузуулар анын жактоочусунун апелляциялык арызында көрсөтүлгөн сотко чейинки процессте камакта кармоо мөөнөтү кармалган адамдын пайдасына өзгөртүлгөн. Түшүндүрмөгө ылайык, Р.Мамбетжанов камакта 3 айдан ашык отурганына, ал убакыт ичинде «Спекулятор» ЖЧКсынын бухгалтери А.Юсупов менен бир гана тергөө иш-чарасы жүргүзүлгөнүнө арызданган.

Анын Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кармоо шарттарына нааразычылыгы жок.

Бул арызга ылайык, КР Акыйкатчысынын аппараты Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун прокуратурасына укуктук баа берүү жана бул кылмыш ишин тергөө ишин тездетүү боюнча кат жөнөтөт.