«115 шыр байланыш» телефону аркылуу Кыргызстандын жарандарынын акысыз юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту жана АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) «115 шыр байланыш» телефону аркылуу жарандардын акысыз юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча өнөктөштүгүн жарыялашты.
Эки жылдык өнөктөштүктүн алкагында USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтуна беш ишенимдүү юристти (үчөө Бишкек шаарында жана экөө Ош шаарында) «115-шыр байланыш» телефону боюнча акысыз юридикалык консультация берүү жана Акыйкатчы институтунун ушул багыттагы ишин күчөтүү үчүн кошумча колдоо көрсөтөт.
«USAID Акыйкатчы институту менен «115 шыр байланыш» телефону аркылуу көрсөтүлгөн юридикалык кызматтардын санын жана сапатын жогорулатуу боюнча кызматташкандыгына сыймыктанат. «Укуктук байланыштын ушул каналын бекемдөө жана жайылтуу боюнча кызматташуу Кыргызстандын ар бир жараны акысыз юридикалык консультация алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерибиздин тарыхында жаңы баракты ачат», - деди Кыргызстандагы USAIDдин башчынын миссиясынын милдетин аткаруучу Алдер Бартлетт айым.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту жана USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору калкка ишеним телефону жөнүндө маалымдуулукту массалык маалымат каражаттары аркылуу жогорулатуу жана кеңири маалыматтык өнөктүк жүргүзүү боюнча тыгыз иш алып барышарын белгилей кетүү керек. Мындан тышкары, долбоор Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринин, анын ичинде «115 шыр байланыш» кызматынын операторлорунун потенциалын жогорулатууга багытталган (ссылка: https://youtu.be/XiyymZ47TgQ ).
«Акыйкатчы институтунун укуктук жардам жана акысыз юридикалык консультацияларды берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү биздин мамлекеттин аймагында адам укуктарын бекемдөөгө жана коргоого гана эмес, өз алдынча Акыйкатчы аппаратынын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Жарандар тез байланышып кеп-кеңеш алуу үчүн же кандайдыр бир маалыматты натыйжалуу жайылтуу үчүн «115 шыр байланыш» кызматынан тышкары жакында Telegram мессенджеринде «Акыйкатчы-бот 115» баарлашуу-боту иштей баштады», - деп баса белгиледи Токон Мамытов.
Түз байланыш кыргызстандыктарга жер талаштары, жарандык укуктар, укуктук абал жана үй-бүлө маселелери сыяктуу ар кандай укуктук маселелер боюнча акысыз телефондон консультация алууга мүмкүнчүлүк берет. «115-шыр байланыш» кызматы 2015-жылы балдардын укугун коргоо кызматы катары иштей баштаган, бирок учурда адам укуктарын сактоонун бардык аспектилери боюнча юридикалык жардам көрсөтүлө баштады. Жыл сайын ишеним телефонуна Кыргызстандын аймагынан жана чет өлкөлөрдөн 8000ге жакын чалуулар келип түшөт.
CoViD-19 пандемиясы учурунда мындай кызматтын ролу өзгөчө маанилүү болуп калды, анда үй-бүлөлүк зомбулук жана жумуш ордунда адам укуктарын бузуу учурлары боюнча кайрылуулар көбөйгөн.
«Жигердүү жарандар» долбоору АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) тарабынан каржыланып, эл аралык FHI 360 уюму аркылуу ACTED жана «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» менен биргеликте ишке ашырылат.