“Укук кербени” долбоору Кара-Кулжа районунда

22/10/2021 - 12:28

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту тарабынан уюштурулган “Укук кербени” долбоорунун алкагында КР Акыйкатчысынын орун басары А.Колопов, бөлүм башчы Замир Өмүрзак уулу жана Акыйкатчынын Ош шаары жана Ош областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ш.Касымовдон турган топ  2021-жылдын 22-октябрь күнү  Кара-Кулжа  районунун жарандары менен жолугушту.

Жолугушууда орун басар А.Колопов «Укук кербени» долбоорунун максаты жөнүндө, ошондой эле КР Акыйкатчысынын адам укуктарын коргоодогу аткарып жаткан иштери, акыркы 3 жылда  актуалдуу болгон кыйноо фактылары, балдарга карата зомбулук, үй-бүлөөлүк зомбулук, жарандардын социалдык-экономикалык укуктары боюнча  кеңири маалымат берди.

Жолугушуунун  соңунда жергиликтүү элдин көптөгөн суроолоруна жооп берилди. Анда көтөрүлгөн  суроолорду талдоодо негизги, орчундуулары катары төмөндөгү 4 маселени  көрсөтүүгө болот.

Жер тилкелерин трансформациялоо маселеси  боюнча  суроолор болду.  Айрыкча Сары –Камыш айылында жер участогун берүү боюнча 2006-жылы чыккан  токтом аткарылбай жатат.

Интернет сайттардагы бири-бирин жамандаган,  маалыматтарга тыюу салууга көмөк көрсөтүүнү суранышат. Бул маселе боюнча КРнын Акыйкатчысынын орун басары А. Колопов жана прокурордун жардамчысы С.Ибраимов тарабынан  түшүндүрүлүп  берилди.

“Укук кербени” тууралуу жылуу пикирлерди айтуу менен, райондорго эле эмес, айыл-айылдарга чыгып, ушундай жолугушууну уюштуруу тууралуу сунуш болду. 

Жолугушууга катышуучулардын басымдуу бөлүгү, “Билайн” компаниясы элди алдап жаткандыгына нааразычылык билдиришти. Тактап айтканда, кандайдыр бир рекламага кошулуу тууралуу СМС келет, 3-4 күн акысыз деп, бирок ошол көрсөтүлгөн 3-4 күндүн ичинде 200-300 сомду эч себепсиз алып коюшат. Кийинки күндөрү да ал рекламадан өз алдынча чыга албайсың, чыккыча дагы да акча каражаттарды алып коюшат. Аргасыздан компьютерщиктерге барып араңдан чыгасың деген нааразычылыктарын билдиришти.       Ошондой эле, аймакта уюлдук байланыштын сапаты өтө начар экендигин билдиришти. Бир тарифте 250 же андан ашык суммадагы жүрсөң, эч кимден сурабай туруп эле, башка  300-350 сомдук тарифке өткөрүп коюшат, 

  Кара-Кулжа  РИИБдин УКЖ

Кара-Кулжа  райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына мониторинг жүргүзүү учурунда  4 камера бар, мониторинг  учурунда УКЖда кармалган адамдар жок.

Камералар таза, сырдалган. Сейилдөөчү жай талапка жооп берет. Өткөн мезгил ичинде УКЖда жалпысынан 11 адам, алардын ичинде бир жашы жете элек өспүрүм (адам өлтүрүү фактысы менен) кармалган.

РИИБдин жетекчилиги жана УКЖнын башчысы менен болгон сүйлөшүүдө белгилүү болгондой, РИИБде өткөн мезгил ичинде жалпысынан кылмыштардын  жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  488 окуя катталган, алардын ичинен 255 жоруктар боюнча катталган. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук маселелери боюнча жалпысынан 20 окуя катталган, алардын бардыгына коргоо ордери берилгени, алардын ичинен бир адам - эркек.

УКЖга адамдарды кармоонун алдында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген жаңы медициналык форма толтурулуп жаткандыгы тууралуу суроого, эгер милиция кызматкерлери өздөрү жаңы медициналык форманы алып барса, райондук оорукана толтуруп бере тургандыгын маалымдоо менен Акыйкатчы аппараты  тарабынан таштап кеткен форманын үлгүсүнүн көчүрмөсүн алып барышып жаткандыгын белгилешти.

Кара-Кулжа районунун Ж.Шарипов атындагы интернат - лицей

Аталган мектеп интернатында мониторинг учурунда  476 окуучу тарбия алууда. Алардын ичинен 140 өспүрүм жатып окуйт. Интернатка тоголок жана жарым жетимдер, турмуш шарты оор ата-энелердин балдары кабыл алынган. Күнүнө 5 убак тамактандырылат. Окуган жана жаткан жерлери боюнча кемчиликтер аныкталган жок. Бардык  керектүү шарттар түзүлгөн

Кара-Кулжа  райондук оорукана

Райондук ооруканага  мониторинг жүргүзүү  убагында  дарыланып  жаткан жарандар менен жекече сүйлөшүүдө дары-дармекке жана башка чыгымдарга акча топтоо фактылары аныкталган  жок.

Бирок жогоруда көрсөтүлгөндөй райондук ички иштер бөлүмүнүн УКЖга адамдарды кармоонун алдында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген жаңы медициналык форма тууралуу суроого, андай форманы билишпегендигин жана көрүшпөгөндүгүн билдиришти. 

2021-жылдын 8-октябрында Ош шаарында КРнын Башкы  прокуратурасынын өкүлү С.Камолидинов катышкан “Кыйноолордун алдын алуу, иликтөө”  боюнча өткөрүлгөн жолугушууда КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ФОМС) өкүлүнө Акыйкатчынынын Ош облустук өкүлчүлүгү тарабынан, райондогу ооруканалардын медициналык күбөлөндүрүү боюнча жаңы форма менен камсыз болбогондугу жана ал форманы Акыйкатчынын өкүлчүлүгү таратылып жүргөнү,  ал форманы Акыйкатчы өкүлчүлүгү таркатууга милдеттүү эместиги тууралуу маселе коюулган.  ФОМС өкүлү тарабынан бардык райондук ооруканалар камсыз болгондугун маалымдалган эле. Бирок иш жүзүндө андай эместиги аныкталды.

Медициналык күбөлөндүрүү боюнча бирдиктүү форманын жоктугу  кыйноолордун алдын алуудагы аткарып жаткан иштерге терс таасирин берүүдө.

Кара-Кулжа  райондук эмгек жана  социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын  балдарды  коргоо боюнча  ыйгарым укуктуу органдын  аймактык бөлүмүнүн  2021-жылга карата  иш-чарасы  иштелип чыгып анын негизинде иш алып барылууда. Бөлүм Кыргыз Республикасынын  Балдар жөнүндө,  Жарандык кодекске, Үй-бүлө кодексине  ошондой эле жалпы балдарга  байланыштуу мыйзам жана ченемдик–укуктук актылардын негизине таянып иш жүргүзүүдө. 2021-жылга  жалпы балдар боюнча Excel. “Түндүк”  программасына  базалык маалымат  жана ошондой эле, ата-эне  камкордугунан  жарым-жартылай ажыраган, же болбосо толук ажыраган балдар боюнча маалыматтык мамлекеттик банкы түзүлүп,  өздүк дело ачылган. 

“Укук кербенинин” катышуучуларына райондук эмгек жана  социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын  берген маалыматына ылайык,

  Жалпы район боюнча балдардын саны:

 18 жашка чейин - 32 337

 0 жаштан 7 жашка чейин - 15 896

 7 жаштан 16 жашка чейин -12 534

 16-18 жашка чейин -  3904

 Алардын ичинен -Тоголок  жетим балдар -    50

-Жарым жетим балдар -       942

-Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген  балдар-433.

“Укук кербени” сапары учурунда белгилүү болгон укук бузуулар тууралуу маалыматтар, кайрылуулар жана арыз-даттануулар боюнча тиешелүү органдар менен биргеликте иштер жүргүзүлөт.

Эске салсак, «Укук кербени» долбоорун ишке ашыруу Европа биримдиги жана Германия экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) кошо каржылануучу “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү, 2 фаза” программасы тарабынан колдоого алынган.