“Укук кербени” Ноокат районунда
«Укук Кербени» долбоорунун алкагында КР Акыйкатчысынын орун басары А. Колопов жетекчилик кылган топ 2021-жылдын 25-октябрь күнү Ноокат районун жарандары менен жолугушту. Жыйынга райондун акими Д.Иманалиевдин жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты.
Жолугушууда Акыйкатчынын орун басары А.С. Колопов «Укук кербени» долбоорунун максаты жөнүндө, ошондой эле КР Акыйкатчысынын ыйгарым укуктары жана адам укуктарынын эл аралык ченемдери тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле Омбудсмендин менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара кызматаштыгынын механизимдери тууралуу маалымат берди.
Жолугушууда Н.Исанов айыл өкмөтүндө Күңгөй-Кожоке, Чеч-Дөбө, Жар-Коргон айылдарында учурда жашап турган турак-жайына жана жерине айыл өкмөтү тарабынан убагында токтом берилбегендиктен кызыл китеп ала албай, жеке менчик катарында каттоодон өткөро албай келе жаткан жарандар тарабынан ушул маселени мыйзамдаштыруу жолун чечип берүүнү суранышты.
Кара-Таш айыл аймагынын тургуну М. А. айылдагы жарандардын жер талашуу маселелерин жеринде чечүү үчүн аксакалдар сотуна укук берүү зарылчылыгын көтөрүп, мыйзамдарга өззгөртүү киргизүү зарылдыгын сунуштады. Жер талаш маселелери соттордо ыкчам чечилбей, 2-3-инстанцияларга жөнөтүп, 6 айдан 4-5 жылга чейин созуп, жарандарга кыйынчылык жаратып жатышат,- деп билдирди.
Бел айылынын тургуну Э.Б. келини Казакстанда төрөлгөн 4 баласына райондук жарандык актыларды каттоо мекемесинен форма-103 талап кылып, документ бербей жатканына нааразылык билдирди.
“Укук кербени” Ноокат районундагы Токтогул атындагы жатак мектебинде улантылып, райондун акиминин орун басары Зулпуева Н. жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Асанбаев А. катышты.
Токтогул жатак-мектебинде 222 окуучу окуйт, алардын 200 окуучу жатып окуйт. Жатак мектебинде 30 мугалим, тарбиячы жана 34 техперсонал, 8 медициналык кызматкерлер иш алып барышууда.
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы акими Д.Иманалиев жеке жолугушууда Ноокат районунда 2002-жылдары медициналык мекемеден 113 балага СПИД оорусу жуктуруп, убагында оору жуктурган ар бир балага 4000 сом өлчөмүндө жөлөкпул катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилип жаткандыгын билдирди. Балдардын жашы он сегизге толгондуктан, бул төлөм токтотулган. Ушул жөлөкпул балдар 18 жаштан өткөндөн кийин төлөнбөй калган. Ушуга байланыштуу жөлөкпулду өмүр бою төлөп турууну балдардын ата-энелери талап кылып жатышат деди.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппараты тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кайрылуу жолдонуп, Ноокат районунда 2002-жылдары СПИД оорусун жуктурган жөлөкпул катары 113 балага ай сайын берилип турган 4000 сомду, мындан ары да 18 жаштан кийин да өмүр бою тиешелүү өлчөмдө төлөнүү маселесин ченемдик-укуктук актылар менен бекитилүүсүн сунуштайт.
Жолугушууда көтөрүлгөн райондогу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөкпулду берүүнүн теңдештүүлүгүн тастыктоо үчүн КР Акыйкатчысынын Ошоблусу жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгү райондук администрацияга кайрылып, атайын комиссия түзүүнү жана маселени иликтөөнү сунуштайт.
“Укук кербени” катышуучулары тарабынан Ноокат райондук ИИБнын убактылуу кармоочу жайында кылмышка шектүүлөрдүнукуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү, Убактылуу кармоочу жайында5 камера бар, 1 камера аялдар үчүн. Сейилдөө жайы бар, душка түшүү үчүн кабина коюлган жана “Аристон” менен суу жылытылат. Ажатканалар да талапка жооп берет. Мониторинг учурунда УКЖда 1 жаран болгон, анын кармалып турган документтери мыйзамдуулугу тастыкталды. УКЖда 5 камерага жана коридорго 4 жерге видеокөзөмөл коюлган.