Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун жетекчилиги “Укук кербени” долбоорунун жыйынтыктары тууралуу айтып беришти
10-декабрь-Адам укуктарын коргоо күнүнө карата Акыйкатчы Институту тарабынан демилгеленген “Укук кербени” долбоору соңуна чыкты. Анын жыйынтыктары тууралуу КР Акыйкатчысынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева, КР Акыйкатчысынын орун басары Альберт Колопов, Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков айтып беришти.
“Укук кербени” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Борбордук аппаратынын жана аймактык өкүлдөрүнүн кызматкерлери республиканын 7 облусунун райондоруна, шаарларына жана айылдарына барышты. Бул долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен эртерээк чара көрүүнү жана ошого жараша аларды мүмкүн болушунча тез арада оңдоону талап кылган системалык бузуулар аныкталды.
Атап айтканда:
- Жөлөкпулдарды дайындоо. Жөлөкпулдарды дайындоо механизми, кирешеси бир адамга 1000 сомдон ашса, жөлөкпул дайындалбайт. Бул турмуш чындыгына дал келбейт. Жөлөк пул катталган жери боюнча берилет, бирок ижарачылар катталбагандыктан, үйү жок батирде жашаган жарандар жөлөк пул ала алышпайт.
- Жерди трансформациялоо, жерлерди инвентаризациялоо (бардык аймактардын жашоочулары турак жайларды куруу үчүн жерлерди трансформациялоону суранышат).
- Мектеп-интернаттарда тамактануу: бир балага күнүнө 60 сом бөлүнөт, бул азык-түлүктүн баасынын азыркы кескин жана жогорку өсүшүн эске алганда абдан төмөн сумма.
- Медициналык мекемелерде ар бир бейтаптан 50 сомдон 200 сомго чейин белгисиз «фонддор» үчүн акча чогултуу (бул тенденция өзгөчө Жалал-Абад облусунда байкалат).
- Бейтаптарды дары-дармек менен акысыз камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруу (чындыгында бекер берилүүгө тийиш болгон бир катар дары-дармектер бейтаптарга сатылат).
- Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдарга 18 жашка толгондо төлөмдөрдү токтотуп салуу. Ал балдар 18 жаштан ашканда айыгып кетпейт.
- Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн шарттардын жоктугу (мисалы, Чоң-Алай районунда).
- Ар кандай социалдык долбоорлор үчүн ачылган кризистик борборлордун ишинин токтоп калышы. Борборлор эл аралык уюмдардын жардамы менен ачылып, ал уюмдар тарабынан финансылык каржылоо мөөнөтү бүткөндө, ишти улантып кетүү үчүн акча таппай кыйналышат (Нарын облусу).
- Бийик тоолуу аймактарда иштеген аскер кызматчылары башка аймакка (Нарын облусу) көчүп кеткен учурда пенсияга төлөмдөрдү жана кошумча төлөмдөрдүн токтотуу.
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темир айылынын 200дөн ашуун тургуну жоюлган Ленин атындагы совхоздун 600 000 миң сом карызынан улам пенсиясын ала албай жатат.
- Кара-Суу районундагы эки айыл бир жолдун эки тарабында жайгашкан: бири (Сүттүү-Булак) «бийик тоого» кирет, экинчиси (Алгабас айылы) кирбейт.
- Баткен облусундагы “Головной” чек ара заставасынын аскер кызматчылары үчүн социалдык-турмуштук нормалдуу шарттарды түзүү.
- 2002-жылы Ноокат районунун медициналык мекемесинде СПИД илдетине чалдыккандарга жөлөк пул төлөө.
- Бир катар УКЖда камактагы адамга 3,25 чарчы метр нормасы сакталбайт.
- УКЖ жана айрым медициналык мекемелердин аптечкаларында мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер.
- Кара-Көл шаарынын аймактык шаардык ооруканасынын терапия бөлүмү өтө жараксыз абалда, имараттын, дарыгерлердин кабинеттерине жана бейтаптар үчүн палаталарга капиталдык ремонт талап кылынат.
- Бир катар аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жер тилкелерин «тааныштык» жана материалдык жактан камсыз болгон адамдарга гана ижарага беришет, ал эми жөнөкөй жарандар жер тилкесин ала алышпайт.
- Кара-Көл шаарынын медицина кызматкерлери айлык маяна көтөрүлөт деп убада алышкан менен чындыгында мурдагыга караганда аз акча алып жатканына нааразы болушту.
- Кара-Суу районунун “Дыйкан-Кыштак” айылдын жашоочулары Ош облусунан Бишкекке жөө жүрүшкө чыгышты. Бул демаршка чыгууга турак үйлөрүн бузган жергиликтүү бийлик мажбур кылган.
- Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун тургундары алтын өндүрүүчү ишканалардын иштөө шарттарына нааразы болуп, айрым аймактарда иш графиги суткасына 18-19 саатка жетип, эмгек өргүүсү эсепке алынбай, эмгек акы төлөнбөй жатканына нааразы болушту.
- Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы В.И.Ленин атындагы мектеп-интернаттын ашканасында гигиеналык каражаттар жетишсиз; тамак-аш үчүн текчелер жок; тамак даярдоо үчүн кесүүчү стол жок;
-
- Кир жуучу жайда кир жуугуч машиналар жок, жашы жете элек мектеп окуучулары коридордо өздөрү кол менен жуушат;
- Имараттарда суу түтүктөрү жана канализация жок;
- Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы көмөкчү мектеп-интернаттын спорт залы авариялык абалда, балдардын өмүрү коркунучта.
- Ноокен РИИБнин УКЖнын аптечкасында мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер болгон жана бир нече шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген учурда медициналык кароодон өткөн эмес.
- Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы РПОда бейтаптардын укугу бузулуп, антисанитардык абал өкүм сүрүүдө. Кургак учук бөлүмүнүн имараты (№7) өтө начар абалда, душ, даараткана эч кандай санитардык талапка жооп бербейт.
- Шекафтар айылындагы райондор аралык кургак учукка каршы ооруканасында имарат боюнча бир гана душ бөлмөсү иштейт, анын да ысык суусу жок.
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Сузак районундагы оорукананын бар экенин унутуп калгандай, оорукана санитардык нормаларга жана калктын саламаттыгынын коопсуздугун камсыздоо маселелерине таптакыр жооп бербейт.
- Жалал-Абад шаарынын шаар четиндеги курорттук аймагында жашашкан 400дөн ашык үй ээлери (Нагорный, Загорный конуштары ж.б.) жашаган жери боюнча катталбайт, мунун натыйжасында шайлоого катыша албайт, медициналык жана башка мамлекеттик кызматтарды албайт.
- Чоң-Алай районунда 200дөн ашык ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын окууга мүмкүнчүлүгү жок, анткени алар үчүн ылайыктуу интернаттар жок.
- Чоң-Алай РИИБнин УКЖда душ жана ажаткана жок, камераларда камактагылар үчүн керебеттер жок, натыйжада алар бетон полго уктоого аргасыз. Аптечкадагы дарылар мөөнөтү өтүп кеткен. Райондук прокуратура тарабынан эч кандай көзөмөл жок.
- Нарын облустук клиникалык ооруканасында психиатриялык жана наркология бөлүмү бириктирилген. Бул бейтаптарды дарылоодо терс таасирин тийгизет.
- Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун тургундары Тез жардам пунктунун жоктугунан бейтаптарды ыкчам түрдө ооруканага жаткыра алышпайт.
- “Билайн” компаниясы элди алдап жаткандыгына нааразычылык билдиришти. Тактап айтканда, кандайдыр бир рекламага кошулуу тууралуу СМС келет, 3-4 күн акысыз деп, бирок ошол көрсөтүлгөн 3-4 күндүн ичинде 200-300 сомду эч себепсиз алып коюшат. Кийинки күндөрү да ал рекламадан өз алдынча чыга албайсың, чыккыча дагы да акча каражаттарды алып коюшат.
- Кочкор районунда мүрзө толуп кеткен, мүрзө үчүн жаңы жер бөлүнүп берилген эмес.
- Жолугушууда Н.Исанов айыл өкмөтүндө Күңгөй-Кожоке, Чеч-Дөбө, Жар-Коргон айылдарында учурда жашап турган турак-жайына жана жерине айыл өкмөтү тарабынан убагында токтом берилбегендиктен кызыл китеп ала албай, жеке менчик катарында каттоодон өткөро албай келе жатышат.
- Этникалык кыргыздардын (мамлекеттик чек арадан өтүүдө, туруктуу жашаган жерине катталууда, паспорт алууда) көйгөйлөрү
- 10 пайыздык жеңилдетилген насыяларды берүү процесси жарандардан жашыруун жүргүзүлөт.
P/S: Кенерирээк маалыматтар буга чейин сайтта жарыяланган.