Биринчи Май райондук сотунда соттолуучу Т.Т.га карата кылмыш иши 2,5 жылдан бери каралып бүтө элек

04/11/2021 - 10:39

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) жактоочу Б.Жумашев соттолуучу Т.Т.нын кызыкчылыгы үчүн кайрылды, ал 2017-жылдан бери соттук чечимди күтүп жаткандыктан, ага карата козголгон кылмыш ишин кароону тездетүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнөт.

Бул кайрылууга тиркелген материалдарга ылайык, 2017-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Т.Т. менен бирге Ж.М.ны кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, Жазык кодексининин (1997-жылдагы редакция) 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6.13 пункттарына ылайык, мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыраткан.

Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2018-жылдын 28-декабрындагы өкүмү менен биринчи инстанциядагы соттун өкүмү күчүндө калтырылган.

2019-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку соту биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун өкүмдөрүн жокко чыгаруу жөнүндө аныктама чыгарып, иш биринчи инстанцияга жаңыдан, бирок башка соттук курамда териштирүү үчүн кайтарылган.

Ошондон бери (2,5 жыл!) иш Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө болуп, 2020-жылдан бери пандемияга жана башка карантиндик чараларга байланыштуу, ушул жана башка кылмыш иштери кечеңдеп жатат. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун расмий жообуна ылайык, кылмыш иштерин кароону кийинкиге жылдыруунун негизги себептери: 2020-жылдагы пандемияга байланыштуу жазык-аткаруу тутумунун бардык түзүмдөрүнүн жабылышы; процесстин катышуучуларынын оорусу; айыпкер тарабынан соттук териштирүүнү атайылап кечеңдетүү, соттук териштирүүдө адвокаттарды алмаштыруу; сот процесстерин онлайн режимде өткөрүү, ал эми Бишкек шаарында тиешелүү технология менен жабдылган эки гана сот залы бар, анын натыйжасында кезек күтүүлөр пайда болуп, жогоруда аталган кылмыш иши боюнча отурумдар кийинки мөөнөткө жылдырылды.

Акыйкатчы аппараты иштин материалдарын кылдат изилдеп чыккандан кийин, ошондой эле сот отурумдарына мониторинг жүргүзүүнүн натыйжасында төмөнкүдөй тыянакка келишти:

Бул учурда, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 274-беренесинин ченемдери бузулган, анда оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча кылмыш ишин кароонун мөөнөтү 2 ай деп турат.  Ошондой эле соттолуучу Т.Т.нын акылга сыярлык мөөнөттө соттук коргоого болгон конституциялык укугу бузулган.

Тактап айтканда: ТИЗОдо адамды узак мөөнөткө кармоо кыйноого теңештирилет, анткени ТИЗОнун шарттары сотко чейинки өндүрүш учурунда камактагы адамдарды кыска мөөнөткө кармоо үчүн гана каралган. Мындан тышкары ТИЗОдо камалгандарга күн сайын узактыгы 1-1,5 сааттан кем болбогон сейилдөөдөн пайдаланууга уруксат берилет.

 Ошондой эле, КР КЖК 274-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, анча оор эмес кылмыштар жөнүндө жазык иши судья тарабынан маңызы боюнча бир айдан кечиктирилбестен, ал эми оор же өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө иш - 2 айлык мөөнөттө, ал эми сот арачыларынын катышуусу менен сотто каралуучу жазык иштери боюнча иш - сотто кароо башталган күндөн тартып 3 айлык мөөнөттө чечилүүгө тийиш.

“Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды
камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” КР мыйзамынын 16-беренесине ылайык, күн сайын узактыгы бир сааттан кем болбогон сейилдөөдөн пайдаланууга укуктуу. 
Бул мыйзамды кабыл алууда мыйзам чыгаруучу шектүү менен айыпталуучу ТИЗОдо 2 айдан ашпаган мөөнөткө кармаларын эске алган, бирок белгилүү болгондой,  иш жүзүндө айыпталуучулар жылдар бою соттук териштирүүнү күтүшөт. Мындан тышкары, КР Жазык-процесстик кодексинин (жаңы редакциясынын) ченемдерине ылайык, ТИЗОдо кармоонун 1 күнү түзөтүү колониясындагы 1 суткага барабар, ал эми мурда 1 күн ТИЗОдо өткөн күн түзөтүү колониясындагы 2 суткага барабар болгон.

КР Конституциясынын 61-беренесине ылайык, ар бир адамга өзүнүн Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган укуктарын жана эркиндиктерин сот аркылуу коргоого кепилдик берилет.

Мындан тышкары “Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын”9-беренесинин 3-пунктуна ылайык, кылмыш иши боюнча камакка алынган же кармалган ар бир адам токтоосуз түрдө судьянын же мыйзам боюнча сот бийлигин жүзөгө ашырууга укугу бар жана акылга сыярлык мөөнөттүн ичинде соттук териштирүүгө же бошотууга укугу бар башка кызмат адамынын алдына жеткирилет.  Соттук териштирүүнү күтүп жаткан камактагыларды же айыптоочуларды камакта кармоо жалпы эреже болбошу керек, бирок боштондукка чыгаруу соттук териштирүүгө келүүгө, сот өндүрүшүнүн башка стадияларына келүүгө жана зарыл болгон учурда өкүмдү аткарууга келүүгө кепилдиктердин берилишине байланыштуу болушу мүмкүн.