КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери добуш берүүгө мониторинг жүргүзүп жатышат
Бүгүн, 2021-жылдын 28-ноябрында КР Акыйкатчысынын борбордук аппаратынын жана облустук өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолордо добуш берүү процессине мониторинг жүргүзүп жатышат. Мониторингдин максатышайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан КР мыйзамдарын сактоосу, КР жарандарынын шайлоо жана шайлануу укуктарын жүзөгө ашыруу, элдин саламаттыгынын коопсуздугун камсыздоо жана коронавирус инфекциясынан коргоо боюнча ченемдердин сакталышы.
Ошондой эле, КР Акыйкатчы аппаратында ыкчам аракеттенүү тобу иштеп жатат, зарыл болгон учурда алар жерине дароо барып, тиешелүү иштерди жүргүзүшөт.
КР Акыйкатчы институту шайлоо мыйзамдарынын ар кандай бузулуулары тууралуу 115 кыска номерлүү шыр байланышына чалып коюуну суранат. 115 кызматына уюлдук байланыш номерлеринен жана стационардык номерлерден чалуу акысыз. Ошондой эле ombudsman.kg сайтында көрсөтүлгөн номерлер боюнча түздөн-түз борбордук аппаратка жана облустук өкүлчүлүктөргө чалып кайрылууга болот.
Акыйкатчы институтунда жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча тиешелүү отчет түзүлөт, андан кийин ал тиешелүү сунуштар менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана БШКга берилет..
КР Акыйкатчы аппараты тарабынан мониторинг жүргүзүүдө шайлоо процессинин бардык аспектилерине өзгөчө көңүл бурулат. Бул максатта КР Акыйкатчы аппараты менен Борбордук Азиядагы CASCADD стратегиялык талдоо, диалог жана өнүктүрүү борбору биргеликте 70 суроодон турган сурамжылоо барагы мамлекеттик жана расмий тилдерде иштелип чыккан. Сурамжылоонун жыйынтыктарын иштеп чыккандан кийин респонденттер көйгөйлүү деп белгилеген аймактарга өзгөчө көңүл бурулат.
Төмөндө сурамжылоо барагына камтылган айрым суроолорду келтиребиз:
Шайлоо участогун ачуу убактысы
Шайлоо участогунун жабуу убактысы
Шайлоо участогун табуу оңой элеби?
Шайлоо участогуна кирүү кыйынбы?
Шайлоо участогунда, анын аймагында же анын айланасында үгүт материалдарынын же үгүт иштеринин кандайдыр бир белгилери барбы?
УШКларда АЭУ (автоматтык эсептөөчү урна) жетиштүү санда болдубу?
Сиз шайлоо участкаларынын кызматкерлери жакшы даярдыктан өтүшкөнүн жана добуш берүү жана добуштарды саноо жол-жоболору менен тааныш экенин байкап жатасызбы?
Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда ролдорду бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак тартылдыбы?
УШКнын төрагасы катышуучуларга шайлоочулардын кагаз жана электрондук тизмелери менен визуалдык таанышууга жана салыштырууга мүмкүнчүлүк бердиби?
УШКнын мүчөлөрүнө УШКнын төрагасы тарабынан же сырттан кандайдыр бир коркутуу же кысым барбы?
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы келгендер текшерүү үчүн бош урналарды көрсөттүбү?
Коопсуздук кызматкерлери өздөрүн туура алып жүрөбү?
Добуш берүү үчүн материалдар жетиштүүбү?
УШКнын мүчөлөрү бюллетендердин санын эсептедиби?
Добуш берүү үчүн урналар шайлоо участогунун мүчөлөрүнө жана байкоочуларына толук көрүнүп турабы?
Бош урналар/урналар УШКнын мөөрү менен чапталганбы?
Шайлоо участогуна алгач канча бюллетень алынганы белгилүүбү?
Текшерүү баракчалары туура түзүлгөнбү?
Шайлоо участогунда толтурулган шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрү жана ар бир талапкердин катар номери көрсөтүлгөн бардык талапкерлер, талапкерлердин тизмесин каттаган саясий партиялар жөнүндө маалыматтык материалдар менен стенд барбы?
Шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочулардын жалпы саны канча жана иш жүзүндө канча шайлоочу добуш берди? (Бул шайлоого катышуу тенденциялары жөнүндө бир аз түшүнүк берет)
Шайлоочулардын тизмесинен шайлоо укугуна ээ болгон көп сандаган шайлоочулар чыгарылып салгандай көрүнөбү?
Шайлоочу тизмеден өзүн таппай калган учурлар болдубу?
Шайлоо участогу өз убагында ачылдыбы (08-00)?
Добуш берүүнүн купуялуулугу камсыздалганбы?
Добуш берүүгө уруксат берүү алдында шайлоочулар өздүгүн тастыктаган документти көрсөтүшү керекпи?
Шайлоочулар биометрикалык манжа изин идентификациядан өткөрүүгө милдеттүүбү?
Жабдуулар шайлоочунун идентификациясын тааныбаган учурлары болгонбу (жабдуу айрым адамдарды аныктай алган эмес, натыйжада алар активдүү шайлоо укугун пайдалана албай калган)?
Шайлоо бюллетендеринде шайлоо участогунун расмий мөөрү жана/же шайлоо участкасынын кызматкеринин колу коюлабы?
Шайлоочулар кабиналардан тышкары мыйзамсыз добуш береби?
"Үй-бүлөлүк" добуш берүүгө уруксат берилеби (кабинада бирден ашык адам)?
Шайлоочуларга алар укуктуу болгондон ашыкча бюллетендер берилип жатабы?
Урнага бюллетендерди көп санда таштаган фактылар барбы?
Шайлоочуларга добуш берүүнүн жол-жоболору белгилүүбү?
Муктаж болгон шайлоочуларга тиешелүү жардам көрсөтүлүп жатабы?
Процессти башкарууда ашыкча кечигүүлөр байкалабы?
Шайлоо участкаларынын кызматкерлери добуш берүү процессин жакшы башкара алышабы?
Талапкерлердин өкүлдөрүнө же ишенимдүү адамдарына мыйзамга ылайык добуш берүүгө жана добуштарды эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө уруксат берилгенби?
Талапкерлердин өкүлдөрү же ишенимдүү адамдары коркутууга же куугунтукка кабылдыбы?
Талапкерлердин өкүлдөрү же ишенимдүү адамдары шайлоо процессине кийлигишүүгө аракет кылышабы же алар шайлоочуларды тигил же бул талапкерге добуш берүүгө түртүшөбү же коркутушабы?
“Добуш берүүгө элди массалык ташып жеткирүү” барбы?
Шайлоо участогунда техникалык жабдуулардын иштешинде үзгүлтүккө учураганы байкалдыбы?
Бейбаштык, паракорчулук же баш аламандык фактыларынын далили барбы?
Шайлоо участкасында уруксаты жок адамдар барбы?
АЭУ запастык алмаштыруу учурлары болгонбу?
Шайлоо участогуна саат 20-00дөн кийин келген шайлоочулар болдубу?
УШКнын кире беришинде шайлоочулардын температурасы өлчөнөбү?
Кире бериште шайлоочуга беткап жана колкап бекер берилеби?
Шайлоо участкасынын кире беришинде коронавирустун алдын алуу чаралары боюнча плакат барбы?
Шайлоо участогуна кире бериште шайлоочулардын кыймылынын бекитилген схемасы барбы?
Ички иштер органдары тарабынан социалдык дистанцияны сактоо зарылчылыгы боюнча белгилер жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлөбү?
УШКнын бардык мүчөлөрү, байкоочулар, ЖМК өкүлдөрү жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалганбы?
Бармак изи менен идентификациядан өтүүдө шайлоочу кол каптарын чечип, колдорун антисептик менен тазалап, идентификациядан өтүп, идентификациядан өткөндөн кийин колдорун кайра тазалап, кайрадан колкап кийеби?
Адамдын биометрикалык параметрлери боюнча идентификациядан өтүүдө шайлоочу бет капты түшүрүп, идентификациядан кийин кайра кийеби?
Добуш берүүчү кабиналар көшөгөсүз болгондуктан УШКнын мүчөлөрү же башка бирөөлөр тарабынан шайлоочуга кандайдыр бир кысым же өзгөчө байкоолор болуп жатабы?
Ар бир шайлоочуну идентификациялоо процедурасына чейин жана кийин идентификациялоочу жабдуулар спирттүү салфетка менен дезинфекцияланабы?
Добуш берүүчү кабиналар жана автоматтык урналар 60 мүнөт сайын кеминде эки жолу дезинфекцияланып жатабы?
Бөлмө дайыма желдетилип турабы?
Ооруунун белгилери бар шайлоочулар үчүн өзүнчө добуш берүү кабинасы барбы?
Добуш берүү үчүн урналарды ачардын алдында анын үстү антисептик менен тазаланабы?
Шайлоо участогуна тоскоолдуксуз кирүү жана добуш берүү үчүн мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандус же жардамга чакыруу баскычы барбы?
Шайлоо участогунда мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын автоунаасы үчүн н унаа токтотуучу жайларда атайын орундар барбы?
Сиздин оюңузча, шайлоо участогу мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын тоскоолдуксуз кирип добуш берүү талабына жооп береби?
Маалымат стендинде чоң шрифттер менен жазылган жана/же Брайль шрифти колдонулган материалдар барбы?
Шайлоо комиссиясынын кызматкерлери шайлоо бюллетендеринде кандайдыр бир белгилерди же белгилөөлөрдү коюшабы?
Даттануулар канааттандырарлык каралып жатабы?
Сырттан келген башка адамдар барбы, эгер бар болсо, алар бул процессте кандай роль ойношот?