«Ата-энени барктайлы, баалайлы, сыйлайлы» темасында сүрөт конкурсунун жыйынтыктары 10-декабрь-Адам укуктарынын эл аралык күнүндө чыгарылды
2021-жылдын 10-декабрында Нарын облустук С.Орозбаков атындагы мамлекеттик маалымат китепканасында Адам укуктарынын эл аралык күнүнө арналган Нарын шаарынын мектептеринин 7-10-класстарынын арасында «Ата-энени барктайлы, баалайлы, сыйлайлы» темасында сүрөт конкурсунун жыйынтыктоочу этабы өткөрүлдү. Бул иш чара КР Акыйкатчы институту тарабынан жарыяланган Адам укуктарынын бир айлыгынын алкагында өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги уюштуруучулары катары:
1. КР Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгү,
2.С.Орозбаков атындагы Нарын облустук маалымат китепканасы,
3.«Теӊдеш» кризистик борбору,
4.«Жаӊы ысым» коомдук уюму чыгышты.
10-декабрь –Адам укуктарынын эл аралык күнүндө конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоого арналган салтанаттуу аземде КР Акыйкатчысынын Дипломдору номинанттарга тапшырылды.
Сүрөт конкурсуна шаардагы 10 мектептин 7 мектебинин окуучулары катышып, алардан 41 сүрөт келип түшкөн. Конкурсанттардын жумуштарын курамында 5 адамдан турган комиссия карап, жыйынтыгы чыгарылды.
Комиссиянын төрагасы болуп КР Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Джаанбаев аныкталды.
Комиссиянын курамына:
1.Саякбаева С.- «Теӊдеш» коомдук уюму.
2.Байгабатова А.- облустук китепкананын директору.
3.Татарбеков С. -Чкалов мектебинин сүрөт боюнча мугалими.
4.Кадыркулова Б.- «Жаӊы ысым» коомдук уюму.
Калыстар тобу иштерди дыкаттык менен карап чыгышып, жыйынтыгында алдыңкылар аныкталды
Баш байгеге (Гран при) Эралиев Баэл- №1 Токтогул орто мектебинин 9-классынын окуучусу;
I орунга: Алмазбек кызы Мээрим, К.Жакыпов мектебинин 10-классынын окуучусу; Канатбекова Айкөкүл№2.Чкалов мектебинин 10-классынын окуучусу
II орунга: Нурланбекова Кулпунай, №1 Токтогул мектебинин 9-классынын окуучусу; Таалайбек кызы Альбина №2 Чкалов орто мектебинин 10-классынын окуучусу;
III орунга: Капарова Таазим, №10 Ж.Чолпонбаев оро мектебинин 10-классынын окуучусу; Муратканова Мукадас- №7.М.Сыдыков мектебинин 8-классынын окуучусу татыктуу болушту.
КР Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Джаанбаев конкурска катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.