Таласта мектеп директорлору үчүн “Зордук-зомбулуксуз мектеп” программасын ишке ашыруу боюнча семинар өтүүдө
Талас шаарында 10-февралдан 12-февралга чейин «Зордук-зомбулуксуз мектеп» программасын ишке ашыруу боюнча билим берүү мекемелеринин директорлору үчүн семинар өтүүдө.
Бул иш-чара шаардык мэриянын жана «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун демилгеси менен КР Акыйкатчы институту тарабынан жарыяланган балдардын укуктарын зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен коргоо боюнча бир айлыктын алкагында өткөрүлүүдө. Ага Талас шаарынын вице-мэри Мира Сейдикеримова, КР Акыйкатчысынын Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жакшыгүл Узакбаевалар менен бирге Акыйкатчы институтунун Балдардын, аялдардын, үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Наила Токтосунова, КР ИИМдин Жашы жетпегендердин иши боюнча инспекция башчысы Нуржан Адылова, эксперт катары “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова жана Бүткүл россиялык калыбына келтирүүчү медиация ассоциациясынын төрагасы Рустем Максудовдор онлайн катышып, сөз сүйлөштү.
Программанын компоненттерин ишке ашыруу ар бир мектепте балдарды зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоонун ички жана тышкы системасын түзүүгө, ошондой эле мектеп жамаатындагы окуучулардын өздөрүнүн ортосундагы, ошондой эле окуучулар менен мугалимдердин, ата-энелер менен билим берүү администрациясы ортосундагы чыр-чатактарды чечүүгө жардам берет.
Бул программанын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
• катышуучулардын зомбулуктун түрлөрү жана укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун колдонуудагы механизмдери жөнүндө билимин калыптандыруу;
• Ар бир баланы зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоо үчүн шарттарды түзүү үчүн балдарды коргоонун ички жана тышкы системасын түзүү;
• Билим берүү мекемелерине чыр-чатактарды чечүү үчүн окуу процессине бардык тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кайра калыбына келтирүүчү адилеттүүлүк принциптерине негизделген мектептик жараштыруу кызматтарын түзүү;
• Зордук-зомбулуктун, кордуктун жана кароосуздуктун курмандыгы болгон окуучулар менен билим берүү мекемелеринде бузулган укуктарын калыбына келтирүү жана андан ары реабилитациялык иштерди жүргүзүү максатында аларды каттоонун объективдүү системасын түзүү.
«Зордук-зомбулуксуз мектеп» программасы балдарды зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен коргоонун эң натыйжалуу ыкмаларын камтыйт, бул эрте алдын алуу тутумун түзүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле балдарды коргоо жана реабилитациялоо боюнча туруктуу системаны түзүүгө өбөлгө түзөт. Семинардын катышуучулары бул программаны билим берүү мекемелеринде ишке ашыруу боюнча мындан аркы кызматташууну да талкуулашат.