Акыйкатчы Институту сот адилеттигин ишке ашыруучуларды сот органдарынын көз карандысыздык принцибин колдоого чакырат
Акыйкатчы Институту массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, журналисттер, блогерлер жана активисттерге байланыштуу иштерди кароодо соттук практикада байкалган терс тенденцияны өкүнүү менен белгилейт. Аталган жарандарга карата дээрлик бардык кылмыш иштеринде процессуалдык бузуулар бар жана тергөө иштери жетишсиз жүргүзүлгөн: - тергөөнүн ар тараптуулугуна, толук жүргөндүгүнө жана объективдүүлүгүнө шек жаратат, - өзүнүн куноосуз экендигин далилдөөдө шектелип жана күнөөлөнүп жаткан жарандарга чектөө коюу; Адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин сакталбашына алып келет.
Айрым иштер боюнча укук коргоочулар мыйзам тарабынан белгиленген кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кетсе, башка учурларда кылмыш жоопкерчилигине тартуунун принциптери толук сакталган эмес. Ошондой эле кылмыш жана кылмыш-процесстик мыйзамдарды колдонууда келип чыккан шектенүүлөрдү дагы камтыган күнөөлүүлүүлүгү боюнча кандай шектенүүлөр болбосун айыпталуучунун пайдасына иштеген конституциялык кепилдиктерге дагы көңүл бурабыз.
Тергөөдөгү катачылыктар, процесстик бузуулар жана кемчиликтер соттук териштирүүлөрдө аткарылышы мүмкүн эмес, бирок ар бир учурда соттук катачылыктарга жол бериши мүмкүн жана сот адилеттигине ишенбөөчүлүк жаратууга алып келет. Улуттук укук коргоо институту катары, биз кайрадан сөз эркиндиги эгемендикти алгандан берки мезгилдердеги өлкөнүн башкы жетишкендиги экендигине, анын ичинде эл аралык коомчулук жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан таанылгандыгына соттордун, укук коргоо органдарынын көңүлүн бурабыз.
Эркин ой жүгүртүү жана пикирин эркин билдирүү, басма сөз эркиндиги Конституция тарабынан кепилденген, аны кынтыксыз сактоо эркин, укуктук, демократиялык мамлекеттин негизги көрсөткүчү болуп саналат. Акыркы болгон окуя бардык социалдык тармактардын колдонуучуларын, блогерлерди, активисттерди, журналисттерди, анын ичинде кылмыштык сот өндүрүшү жүрүп жаткандарды ар кандай саясий көз карашта экендигине карабастан бириге алаарын, Мекенибизди жана өлкө жетекчилигин дүйнө боюнча маалымат айдыңында колдоорун көрсөттү жана каралоо аракетинен сакташты.
Жана эгер жарандар биримдикти, жаратуучулукту, акылмандыкты жана адам жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин стандарттарын сактоодо туруктуулугун көрсөтсө, анда мындай позитивдүү көрүнүштөрдү бардык эл кызматындагылар колдоп жана башында турушу зарыл.