Сот адилеттигине жетүү

Сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу —  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ар бир жаранга анын эркиндигин жана укуктарын сотто коргоо кепилдендирилет.

Эрежелер

КРнын Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин сот отурумдарына мониторинг жүргүзүүсү.

Бул эрежелер Кыргыз  Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун сот жыйындарына катышуу маселесинде бирдиктүү ыкманы колдонуу максатында иштелип чыккан.

Кыргыз  Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлеринин сот отурумдарына мониторинг кылууну ишке ашыруусунун укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 109-беренесинин ченемдери эсептелет, ага ылайык адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого парламенттик көзөмөл Кыргыз Республикасында Акыйкатчы (Омбудсмен)  жана  “Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы)  жөнүндө”  КРнын Мыйзамынын 8-беренесинин 11-бөлүмү тарабынан ишке ашырылат. Анын негизинде, Акыйкатчы (Омбудсмен) бардык инстанциялардагы соттордун жыйындарына, анын ичинде соттук териштирүү кызыкчылыгын көздөп жабык деп жарыяланган сот жыйындарына адамдар макул болгон шартта катышууга укуктуу.

Сот процесстерине  мониторинг жүргүзүүнүн негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:

Арыз берүүчүнүн кайрылуусун текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган адамдын жана жарандын эркиндиктери менен укуктарынын бузулушу;

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын жетекчилигинин тапшырмасы. Жетекчилик бул - Акыйкатчы (Омбудсмен), анын орун басарлары, аппарат жетекчиси жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери.

Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин бузулушуна төмөнкүлөр кирет:  адамдын жана жарандын эркиндиктери менен укуктарын мыйзамдуу ишке ашырууга тоскоол болгон соттук акт, сот органдарынын аракети же болбосо аракетсиздиги.

Кайрылуу кызыкдар болгон тараптан жазылат жана фамилиясы, аты, атасынын аты жана арыз берүүчүнүн дареги көрсөтүлөт,  арыз берүүчүнүн ( же ал кызыкчылыгын жактап жаткан тараптын) пикири боюнча анын укуктары менен эркиндиктерин бузган чечимдин же аракеттин (аракетсиздиктин) мааниси баяндалат, алардын бузулушунун далилдери жазылат, ошондой эле  тиешелүү органдардын чечимдери бар болсо, алардын көчүрмөлөрү  менен да коштолот.

Аткаруучу тарап аларды ар тараптуу иликтеп жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укук бузууларды аныкташ үчүн баардык чараларды кабыл алышы кажет. “Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы)  жөнүндө” мыйзамдын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө Омбудсмен (Акыйкатчы)  арыздарды жана даттанууларды арыз ээси жогору турган органдын, администрациялык органдын же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимин талашкан учурда гана жана арыздардын же даттануулардын маселесин караган учурдагы адам укуктары менен эркиндиктерин бузууга тиешелүү болгондо гана карайт.

Текшерүү аяктагандан кийин кайрылуу келип түшкөн иш аткаруучу сот процессин мониторинг кылууга негиз жок болгон учурда жетекчиликтин дарегине аны жүргүзүүнүн максаттуу эмес экени жөнүндө кызматтык кат жазат.

Сот процесстерин мониторинг кылууну демилгелөө жетекчиликтин резолюциясына ылайык жүргүзүлөт.

3. Өзгөчө учурларда Конституцияда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдер менен макулдашууларда жарыяланган адамдын жана жарандын эркиндиктери менен укуктарын коргоо максатында Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан кайсы гана инстанциядагы сот болбосун, жарандын кайрылуусу жок болгон маалда (мисалы: балдарга карата жасалган кылмыш фактылары боюнча кылмыш иштери, укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кыйноолордун колдонулушу) мониторинг жүргүзүү демилгеленет.

4.  Мониторинг жүргүзүүдө төмөнкүлөр көңүлгө алынышы керек: 

а)  судьялардын адилеттүүлүк принциптерин сактоосу; 

сот өндүрүшүндөгү мыйзамдуулук;

адилеттиктин сот тарабынан гана ишке ашырылышы; 

прокурордун кылмыш сот өндүрүшүнө катышуусу; 

инсандын укуктарын, эркиндиктеринин жана кадыр-баркын урматтоо; 

күнөөсүздүк презумпциясы;

соттордун көз карандысыздыгы; 

иштин жагдайларын ар тараптуу, толук жана объективдүү изилдөө;

соттолуп жаткан адамдын укуктарын коргоону камсыздоо;

соттук териштирүүлөрүнүн ачык болушу;

сот өндүрүшүнүн тили;

сот адилеттигине жетүүнү камсыздоо;

мыйзам жана сот алдында баардыгынын бирдей болушу;

тараптардын тең укуктарынын негизинде адилеттикти ишке ашыруу.

б)  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору менен атрибутикаларынын колдонуунун тартиби (Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун жыйындар залында КРнын мамлекеттик туусунун жана КРнын мамлекеттик гербинин сүрөтү  жайгаштырылат, сот иштерин кароодо судьянын мантиясы болуусу керек). 

в) соттор  соттук иштерди кароодо процессуалдык мыйзамдардын ченемдерин сактоосу, негизинен: 

тараптарга процессуалдык укуктары менен милдеттерин түшүндүрүү; 

далилдерди аныктоонун тартибин бекитүү; 

күбөлөрдү жана жашы жете элек күбөлөрдү суракка алуунун тартибин сактоо;

кеңешүүчү бөлмөдө сот актыларын түзүү;

өкүмдү угузуунун, башка сот актыларын жарыялоонун тартиби, соттолуучуга жана процесстин башка катышуучуларына соттук актылардын (өкүм, чечим) маанисин, аны даттануунун тартиби менен мөөнөтүн түшүндүрүү.

г) соттук процесстерди кийинкиге жылдыруунун негиздүүлүгү, сот иштерин кароонун процессуалдык мөөнөттөрүнүн сакталышы. 

д) КРнын Судьяларынын Кодексинин этика менен нормаларынын сакталышы (өзүнүн кесиптик ишмердигинде судья соттук териштирүүнүн катышуучуларына сабырдуу, сылык  болууга тийиш). 

4.1. Мониторингди жүргүзүү кайрылуу жазган тараптардын өтүнүчүнө оң жооп берүү максатында гана соттук ишке бир ирет катышуу менен чектелбеши керек. Мониторинг жүргүзүлүп жаткан сот иштерин узак убакытка кароодо Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун аппаратынын кызматкерлери зарыл болгон учурда жарандардын кайрылууларын кароо мөөнөттөрүн жетекчиликтен узартуу менен  мүмкүн болушунча сот иштеринин баардык жүрүшүнө байкоо жүргүзүү боюнча чараларды кабыл алышы керек.  

4.2.  Мониторинг жүргүзүү учурунда  Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери кызматтык ыйгарым укуктарынын алкагынан чыкпашы керек.

Бул эрежелердин ченемдерин, мамлекеттик кызматкердин этика нормаларын карманышы зарыл жана КРнын мыйзамдарына ылайык, соттор сот бийлигин кайсы бир тараптын эрки менен эмес, КРнын Конституциясына, процессуалдык жана башка мыйзамдарга баш ийүү менен өз алдынча  ишке ашырарын эске алууга милдеттүү. Адилетүүлүккө жетүү боюнча ишмердүүлүккө кийлигишүүгө жол берилбейт. Эч ким  соттон  анык бир соттук иш боюнча отчетту талап кылууга укугу жок.

5.  Сот жараянын мониторинг  жүргүзүү аяктагандан кийин анын жыйынтыктарын   аткаруучу атайын үлгүдөгү документке жазат, анда мониторингдин жыйынтыгы, анын ичинде белгиленген бузуулар көрсөтүлөт.

5.1.  Сот процессинин мониторинг кылуунун жыйынтыгы менен соттор тарабынан кетирилген процессуалдык мыйзамдардын ченемдеринин, этиканын же болбосо укуктардын бузулган фактылары аныкталган учурларын аткаруучу кызматтык кат аркылуу жетекчиликке баяндайт жана Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Кыргыз Республикасынын  Судьялар кеңешинин дисциплинардык комиссиясына судьяны тиешелүү дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу же болбосо тиешелүү соттун төрагасынын атына (укуктун бузулушунун оордугуна жараша) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) кайрылуусу жөнүндө сунуштаманын зарылдыгы боюнча сунушту берет.

5.2.  Башка мамлекеттик органдар тарабынан  укуктардын бузулушу боюнча фактылар аныкталган учурларда, аткаруучу жогору турган инстанцияга, же болбосо Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына мыйзамды калыбына келтирүүгө жана адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузган кызмат адамдарын тиешелүү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуунун зарылдыгы тууралуу Акыйкатчыга (Омбудсменге) сунуштама даярдайт.

 6. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) аппаратынын кызматкерлери “Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы)  жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесинин 13-бөлүгүнүн нормасына ылайык, Акыйкатчы (Омбудсмен) соттогу кылмыш, жарандык иштер жана администрациялык укук бузуулар боюнча чечимдер (өкүмдөр) мыйзам күчүнө кирген иштер менен ошондой эле кылмыш ишин козгоодон баш тартып токтотулган жана иш өндүрүшү кыскарган материалдар менен таанышууга, андан кийин алардын көчүрмөлөрүн алууга укуктуу.