Мамлекеттик жөлөкпул алуу укугу

Кимдер социалдык жөлөкпул алууга укуктуу?
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 163 «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Мыйзамына ылайык ар айлык социалдык жөлөкпул пенсиялык камсыз кылууга укугу болбогондо төмөнкү эмгекке жөндөмсүз адамдарга дайындалат:

  • ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар – 18 жашка чейин;
  • бала кезинен I, II жана III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга;
  • I, II жана III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;
  • улгайган жарандар (эркектер – 65 жаштан, аялдар – 60 жаштан);
  • «Баатыр эне» наамын алган аялдар – 55 жаштан;
  • ата-энесинин биринен айрылган балдар;
  •  бир ата-энесинен ажыраган балдар;
  • ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдар;
  • ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга- алар 18 айга толгонго чейин

 

Ар айлык социалдык жөлөкпулдардын ар кандай түрлөрүнө укугу бар болгондо, ар айлык социалдык жөлөкпулдардын ар кандай түрлөрүнө укугу бар адамдын тандоосу боюнча бир гана жөлөкпул (ата-энесинин биринен же экөөнөн тең ажыраган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулдан тышкары) дайындалат.

Эгерде жөлөкпул алуучу аймактык коэффициенттер белгиленген жерлерде жашаса, жөлөкпулдун суммасы ошол коэффициенттерге жараша эсептелет.

 

Айлык социалдык жөлөкпул дайындалат:

  1. ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү 18 жашка чейинки балдарга - МСЭК майыптыгын белгилеген күндөн тартып, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык керектүү документтерди тапшыруу МСЭК маалымкат берген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып - алар 18 жашка чыкканга чейин;
  2. бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, пенсиялык камсыз кылууга укугу жок ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга - МСЭК майыптыгын белгилеген күндөн тартып, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык керектүү документтерди тапшыруу МСЭК маалымкат берген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып - МСЭК маалымкатынын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин;
  3. багуучусунан айрылган учурда, аларда пенсиялык камсыз кылууга укугу болбогон балдарга - ар айлык социалдык жөлөкпулга укугу келип чыккан күндөн тартып, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык керектүү документтерди тапшыруу бул укук келип чыккан учурдан тартып 12 айдан кечиктирбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып - алар 16 жашка чыкканга чейин; жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучуларына - алар окууну аяктаганга чейин; кесиптик баштапкы окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын күндүзгү формасында окуган студенттерине - алар окууну аяктаганга чейин, бирок алар 23 жашка чыккандан көп эмес;
  4. ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга, - төрөлгөн күндөн тартып, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык зарыл документтерди тапшыруу төрөлгөн күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып - алар 18 айга толгонго чейин;
  5. эркектерге - 65 жашка чыкканы боюнча, аялдарга 60 - жашка чыкканы боюнча, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык зарыл документтерди тапшыруу эркектер 65 жашка, ал эми аялдар - 60 жашка чыккан күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдын кийинки айынын биринчи күнүнөн тартып - өмүр бою.
  6. баатыр энелерге - 55 жашка чыкканы боюнча, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык зарыл документтерди тапшыруу алар 55 жашка чыккан күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдын кийинки айынын биринчи күнүнөн тартып - өмүр бою.

 

Мамлекеттик жөлөкпул алуу үчүн кандай документтер талап кылынат?
Социалдык жөлөкпул дайындоо үчүн зарыл болгон документтер:

  • инсандыгын тастыктаган документ;
  • арыз;
  • жашаган жеринен маалымкат.

Кошумча документтер (ар бир өзгөчө учурга жараша):

  • СПИД борборунун маалымкаты;
  • МСЭК маалымкаты (майыптыгы тууралуу);
  • балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөсү;
  • пенсия алууга укугу жоктугу жөнүндө Социалдык фонддун маалымкаты;
  • асыроочунун өлүмү тууралуу күбөлүк;
  • «Баатыр эне» күбөлүгү.

Мамлекеттик жөлөкпул дайындоо тууралуу арыз 10 иш күнүнүн ичинде каралат. Арызды кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.

 

Мамлекеттик жөлөкпул алуу үчүн кайда кайрылуу керек?
Жарандар жөлөкпул алуу үчүн жашаган жериндеги райондук же шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарына кайрылуусу керек.