Назаралиева Айчүрөк Калыбековна

Назаралиева Айчүрөк Калыбековна

КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) орун басары Айчүрөк Калыбековна Назаралиева

Айчүрөк Назаралиева — 1975-жылы Бишкек шаарында туулган. 

- 1998-жылы Кыргыз улуттук университетин укук таануу адистиги боюнча “эң жакшы” деген баалар менен аяктаган.

- 1998-жылы эмгек ишмердүүлүгүн Бишкек коммерциялык колледжинде окутуучу болуп баштаган;

- 2001-2004-жылдарда — Кыргыз улуттук университетинде окутуучу;

- 2004-2007-жылдарда — юрист, жеке менчик компанияларда адвокат;

-2007-жылдын май айынан баштап — Сот-укуктук реформа комитетинин ишмердүүлүгүн камсыздоо боюнча сектордун улук консультанты;

- 2007-жылдын август айынан тартып — Сот-укуктук реформа комитетинин ишмердүүлүгүн камсыздоо боюнча сектордун эксперти; 

- 2008-жылдын январь айынан — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин этика жана регламент боюнча комитетинин бөлүм башчысынын орун басары;

-2008-жылдын ноябрынан — КРнын Жогорку Кеңешинин этика жана регламент боюнча комитетинин бөлүм башчысы;

-2016-жылдын февраль айынан баштап — КРнын  Жогорку Кеңешинин кабыл алынган чечимдерди көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;

- 2022-жылдын март айынан баштап — Нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана кабыл алынган чечимдерди көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматында иштеген. 

Жумушчу топтордогу ишмердүүлүгү:

- Жогорку Кеңештин төрагасынын  сессиялык мезгилдеги жылдык отчетун даярдоо боюнча;   

- КРнын Жогорку Кеңешинин 2021-жылга чейин Өнүгүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча;

- Жогорку Кеңештин аппаратынын ишмердүүлүгүнө функционалдык анализ жүргүзүү боюнча топ, 2019-жыл;

- мыйзам долбоорлорун, нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка публикацияларды иштеп чыгуу боюнча:

“КРнын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 2008-жыл; 

“КРнын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” КРнын мыйзамы, 2011-жыл;

Депутаттык этиканын кодекси, 2008-жыл; 

КР ЖКнын шайлоочулар жана алар менен өз ара аракеттенишүүнүн механизмдери жөнүндө ишинин жобосу, 2014-жыл;

Юридикалык терминдердин жана башка түшүнүктөрдүн орус-кыргыз сөздүгү; 

“Жогорку Кеңешке 80 жыл”, 2018-жыл.