Джаманбаева Джамиля Акматбековна

Джаманбаева Джамиля Акматбековна
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Акматбековна Жаманбаева 1977-жылы 22-февралда Фрунзе шаарында туулган.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Эмгек жолу:

1998-1999 — Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокурорунун стажер-жардамчысы; 

1999 — Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокурорунун жардамчысы; 

1999-2001 — Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокурорунун улук жардамчысы; 

2001-2004 — Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурорунун улук  жардамчысы; 

2004 — Бишкек шаарынын Свердлов районунун улук тергөөчүсү; 

2004-2005 — Бишкек шаардык прокуратурасынын прокуратура органдарындагы кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө боюнча жана ички иштер бөлүмдөрүндөгү кылмыштарды иликтөө боюнча көзөмөл секторунун прокурору;

2005-2007 — Бишкек шаардык прокуратурасынын коррупция боюнча кылмыштарды көзөмөлдөө жана улуттук коопсуздукка коркунуч пайда кылган кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору;

2007 — Бишкек шаардык прокуратурасынын кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн прокурору, андан соң Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы - уюшкандыкты камсыздоо жана укуктук экспертиза бөлүмүнүн улук прокурору; 

2007-2011 — Чүй областынын Сокулук районунун прокурорунун орун басары; 

2011 — КРнын Башкы прокуратурасынын балдардын укуктарын көзөмөлдөө боюнча бөлүмдүн прокурору, КРнын Башкы прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү;

2011-2013 — Токмок шаарынын прокурору;

2013-2016 — Кыргыз транспорттук прокуратурасынын прокурору; 

2016-2018 — КРнын Башкы прокуратурасынын кадр резервинде;

2018-2021 — КРнын Башкы прокурорунун орун басары; 

2023-жылдын 17-майынан тартып Кыргызстандын Акыйкатчысы.