Жамиля Жаманбаева Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен жолукту

31/03/2025 - 15:48

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун кабыл алуусунда болду.

 

Акыйкатчы төрагага  өлкөдө адам укуктарынын сакталышы жана бул багытта  Акыйкатчы Институту жасап жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

 

Жамиля Жаманбаева өткөн жылы жарандардан Акыйкатчы Институтуна 11 миңден ашуун кайрылуу келип түшкөнүн билдирип, алардын көпчүлүгү укук коргоо, сот тармагына жана социалдык маселелерге байланышканын айтты.

 

“Буга чейин, Акыйкатчынын жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө жылдык баяндамалары сырттан тартылган эксперттердин жардамы менен даярдалып келген. Ал эми, акыркы эки жылдагы отчеттук баяндаманы Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери өзү даярдап чыкты”, - деди Жаманбаева.

 

Ошону менен катар эле, Акыйкатчынын өткөн жылдагы баяндамасынын негизинде, Жогорку Кеңештин берген сунуштары 68% аткарылып, буга чейин аталган көрсөткүч 20%дан ашпай келген.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу ар бир кайрылуу көңүл сыртында калбай, тыкыр иликтениши зарыл деген талап коюп, балдардын жана чет жердеги мекендештердин укугун коргоо ишине өзгөчө көңүл буруу керектигин да кошумчалады.

 

“Акыйкатчы Институту ачык-айкын иштеп, коомчулукка адам укугуна жана мыйзам талаптарына байланышкан маалыматтарды ыкчам берип турушу кажет. Бул Акыйкатчыга карата элдин ишенимин арттырып, көйгөйлөрүнүн чечилишине көмөкчү болот”, – деди төрага.