Акыйкатчы мамлекеттик органдарды психикалык ооруга чалдыккан адамдардын укугун коргоого чакырды

26/03/2025 - 12:39

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды психикалык ооруга чалдыккан адамдардын укугун коргоого чакырды. 

Акыйкатчынын Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесиндеги кызмат алуучулардын жашоо шарттарына жана алардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүштү.

Байкоо учурунда, аталган мекемеде жалпысынан 250 аял киши туруктуу жашай турганы маалым болду.

Анын ичинен, 36 аялдын паспорту жок. Ал эми, экөөсүнүн өздүгүн тактаган документтери да жок.

Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин маалыматында, 11 адамга паспорт алуу үчүн документтерин калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмүнө өткөрүлгөнү, учурда, каралып жатканы айтылат.

Калган 25 адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок документтерин тапшыра албай жатышканы маалым болду.

Кадастрдык мекеме тарабынан берилген маалымкатка ылайык, 16 бейтаптын менчигинде жер тилкелери жана бир турак жай бар болуп чыккан. Бирок, алардын мүлктүк укуктары сакталып жаткандыгы тууралуу Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси тарабынан маалымат берген жок.

Айрымдарынын мекемеге келгенине көп жыл болсо да, кайдан, качан келгени, жашы канчада экени, аты-жөнү такталган эмес. Мисалы, 2013-жылдын 24-июнунда Чым-Коргондогу психоневрологиялык диспансерден белгисиз аял киши которулган. Аны мекеменин кызматкерлери “белгисиз тажик аял” деп атап коюшкан. Ал кайдан келгенин, өзүнүн аты-жөнүн, качан туулганын эстей албайт.

Дагы бир 69 жаштагы аял 20 жылдан бери аталган мекемеде жашап келет. Анын өзүнүн айтымында, Өзбекстанда туулуп, кийин ата-энеси менен Москвада жашап жүрүп, көп өтпөй Фрунзеге келишкен. Ал 14 жашында зордукталып, психологиялык трамвадан улам,  талма оорусуна чалдыгып калган.

Белгилей кетсек, психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде жашагандар турмуштук ар кандай себептерден улам, оор тагдырга кабылгандар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Алар ар дайым башкалардын камкордугана жана жардамына муктаж болгондуктан, документтерин калыбына келтирүү көйгөйүн өз алдынча чече алышпайт.

Акыйкатчы Инстиутуту өз мандатына ылайык,  бейтаптардын укугун камсыздоо максатында тийиштүү мамлекеттик органдарга расмий каттарды жөнөттү.

Акыйкатчы мамлекеттик органдарды Адам укугунун жалпы декларациясына жана улуттук мыйзам ченемдерине ылайык алардын укуктарын камсыздоого чакырат.