Жогорку Кеңештин профилдик комитети Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин “2016-жылдын Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин сакталышы жөнүндө” баяндамасын укту

19/06/2018 - 10:06

Бүгүн, 2018-жылдын 19-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде Акыйкатчы Кубат Оторбаев “2016-жылдын Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын  укуктары менен эркиндигинин сакталышы жөнүндө”  баяндама жасады.

Кубат Оторбаев өз баяндамасында белгилегендей, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратына 15 238 жаран кайрылган, алардын 3800 кат жүзүндө жооп алса, 8640 жаран оозеки юридикалык кеңеш алышкан. Ошондой эле ал депутаттардын көңүлүн, акыйкатчы институтуна даттануулардын көпчүлүгү (70%) сот жана укук коргоо органдарынын иш-аракеттерине келип түшөрүнө бурду. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына-2,1%, социалдык камсыздандыруу боюнча 1,3% кайрылган. Ошондой эле Акыйкатчы баяндамасынын кеңири бөлүгүн балдар укуктарына, мигранттардын укуктарына жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга арналганын да баса белгиледи.

Андан тышкары 2016-жылы Акыйкатчы институнун өкүлдөрү 1575 соттук отурумга катышып, мониторинг жүргүзгөн. Акыйкатчы жеке өзү  600 ашык жаранды кабыл алган.

Кубат Оторбаев  учурда талкууга көп түшкөн “кыз ала качуу” темасына да кайрылып, Кыргызстанда жылына 45-50 миң үй-бүлө курулат, алардын 20 пайызы ала качуу жолу менен түптөлөөрүн белгилеп, “эркектер кыз ала качууга  негизги 3 нерсе себеп: калың төлөөдөн качуу,  кыздар менен таанышуудан тартынуу, кыздын ата-энесинин каршы болушу. Мындан башка да себептери бар. Ала качуу менен курулган 20 пайыз үй-бүлөлөрдүн 6 пайызы зордуктоо менен коштолгон. Кыз ала качуу окуялары шаарга салыштырмалуу айылдарда эки эсе көп болот", - деди.

Угуунун жүрүшүндө  депутаттар тарабынан суроолор, сын-пикирлер, сунуштар болду. Жыйынтыгында профилдик комитет Акыйкатчынын  “2016-жылдын Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын  укуктары менен эркиндигинин сакталышы жөнүндө” баяндамасын жакынкы күндө боло турган Жогорку Кеңештин кароосуна жиберүү чечимин кабыл алды.