Жамиля Жаманбаева Жалал-Абад облусунун тургундары менен жолугушту

17/12/2024 - 09:44

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Жалал-Абад облусунун тургундары менен жолугушту.

Акыйкатчынын “Укук кербени” аталышындагы кезектеги калк менен жолугушуусуна 300гө жакын киши келди.

Жолугушууга облустагы мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышып, элдин суроо-талаптарына жеринде жооп беришти.

Жалал-Абаддын тургундары көбүнчө жер, турак жай, социалдык көйгөйлөр жана укук коргоо органдарынын иш-аракеттерине нааразычылыгын билдирип кайрылышты. 

Акыйкатчы мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринен айтылган көйгөйлөрдү кечиктирбестен чечүүнү сунуштап, алардын аткарылышын көзөмөлдөп турарын билдирди. 

Ошону менен катары эле, келгендердин арасынан Базар-Коргон районунун жашоочусу кайрылып, 30 жылдан бери жашаган үйүн кайниси тартып алганын айтты.

“Менин балдарым менен 30 жыл жашаган үйүмдү кайним талашып жатат. Акыры үйүбүздү бошотуп берүүгө аргасыз болуудабыз”, - деди аял. 

Жаманбаева жогорудагы маселени жеринен карап,  соттун чечими менен таанышып чыгууну тапшырды. 

Акыйкатчыга этникалык кыргыз жараны кайрылып, “кайрылман” статусун алып, Кыргызстанда жашап жатканына көп жыл болсо да мамлекет тарабынан үй курууга жер участогун ала албай жатканын билдирип, жардам берүүнү суранды. 

“Бир үйдө төрт үй-бүлө бала-чакабыз менен турабыз. Төрт үй-бүлөгө бир үй өтө тар болуп калат экен. Кыргызстандын аймагына көчүп келгенибизге көп болду. Канча жылдан бери эле жер участогун бөлүп берүүнү өтүнүп мамлекеттик органдарга кайрылып келебиз. Бирок, майнап жок”, -  деди ал. 

Социалдык маселелер боюнча кызматкер жеринен дароо бул ишти көзөмөлгө аларын билдирип, “кайрылман” сататусундагылардын маселеси кечиктирилбестен караларын билдирди. 

Жолугушуу учурунда, Акыйкатчыга Жалал-Абаддын тургуну кайрылып, кызын зордуктап жүргөн жаран дага да болсо боштондукта жүргөнүн айтып, күнөөлүүнүн тиешелүү жазасын алышына жардам берүүнү суранды. 

Анын айтымынды, 17-жаштагы кызын 2024-жылы февраль айында 2002-жылы туулган бала зордуктап, бирөөгө айтсаң уяттуу сүрөттөрүңдү таркатып жиберем деп коркуткан. 
“Ал бала биринчи жолу кызымдын монтаждалган сүрөттөрү менен шантаж кылып зордуктаган. Кайрадан эле, сүрөттөрүн интернетке таркатам деп экинчи жолу сентябрь айында да эркине каршы зордуктаган. Бирок, ал бала баары бир кызымдын монтаждалган уяттуу сүрөттөрүн интернетке таркатып жиберген. Биз сүрөттөр интернетке чыгып кеткенде гана бул окуя тууралуу билдик. Ошондо гана кызым ыйлап, окуя тууралуу айтып берди. Биз дароо укук коргоо органдарына арыз менен кайрылдык”, – деп билдирди кыздын атасы. 

Анын айтымында, укук коргоо органдары медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек деген негизде, баланы кармабай жатышат. 

“Кызымды зордуктап, абийирине шек келтирип, мазактаган жаран дагы да болсо боштондукта жүргөнү мени кооптондурат. Ал кызыма зыянын тийгизбейт деп ким кепилдик бере алат?”, - деди кыздын атасы. 

Жалал-Абад облусттук прокуратурасынын жетекчисинин орун басары, бул иш тууралуу соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга электигин билдирип, тергөө иштерин көзөмөлгө аларын айтты. Ошону менен катары эле, тергөө органдары жагдайлардын баарын карап чыгуу керектигин айтты.

Акыйкатчы бул ишти жеке көзөмөлүнө алып, аялдардын жана кыздардын укугун коргоо өзгөчө көңүл борборунда экенин билдирди.