Жамиля Жаманбаева Талас облусунун тургундары менен жолугушту

19/11/2024 - 13:42

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (0мбудсмени) Жамиля Жаманбаева Талас облусунун тургундары менен жолугушту. 
Жолугушуу Талас шаарындагы Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектептин имаратында, 200 адамдын катышуусунда өттү. Ага облустук мамлекеттик органдардын жетекчилери дагы катышышты. 
Таластын жашоочулары алардын билим алуу, медицина жана башка жааттагы укуктары бузулуп жатканына арызданышты. 
Акыйкатчы мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринен айтылган маселелерди дароо, ошол жерде чечүүнү талап кылды. 
Жыйында майыптыгы бар аял көзүнө жаш алып, Омбудсменден анын укуктарын коргоп берүүнү өтүндү.
«Бишкектеги медициналык мекемелер дартымды так аныктап бере алышкан жок. Андыктан Казакстандын дарыгерлерине кайрылууга аргасыз болдум. Ал жерде мага “көздүн тор кабыгынын катмарланып бөлүнүшү” деп диагноз коюшту.  Көзүмө өтө кымбат операция жасаш керек болуп жатат. Ансыз мен биротоло көрбөй каламын. Мамлекеттен жардамга муктажмын. Эч кандай социалдык көмөк албайм, жада калса даректүү социалдык жардамды бербей коюшту. Жанымда жалгыз эле апам бар. Ал дагы эки жолу инсульт алган, мага эч кандай колдоо көрсөтө албайт. Учурда эч жерде иштебейм. Балким жардам суроого акым жоктур, бирок өтө муктаж болуп турам”, - деп аял аргасы түгөнгөнүн кошумчалады. 
Президенттин Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары, жардам алуу үчүн майыптыгы бар аялга тийиштүү процедуралардан өтүүнү сунуштады. 
«Сиз керектүү кагаздарды топтошуңуз керек..”, - деди ал.
Аял көз жашын төгүп, ал начар көргөндүктөн араң басып жүргөнүн, мамлекеттик мекемелерди кыдырып, документтерди топтоого мүмкүнчүлүгү жоктугун белгиледи. 
«Мен жаза дагы, окуй дагы албайм. Мамлекеттик органдарга мени жетелеп жүрө турган адамым дагы жок..”, - деди ал.
Акыйкатчы мамлекеттик мекемелерге аялдын укугун камсыз кылуу талабын койду. 
«Калктын аярлуу катмары мамлекет тарабынан колдоого муктаж. Алардын укуктарын коргоого биздин институт дагы өзгөчө көңүл бөлөт. Аларга жардам берүү үчүн бардык чараларды көрөбүз”, - дейт Омбудсмен. 
Жолугушуудан кийин Акыйкатчы Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын шарттары менен таанышты. 
36 кишиге ылайыкташкан убактылуу кармоочу жайда Акыйкатчы барган күнү 17 шектүү кармалып турган. Ал Ички иштер башкармалыгынын короосундагы өзүнчө имаратта жайгашкан. 
Акыйкатчы бир нече камерага кирип, кармалгандар менен баарлашты. 
Белгилей кетсек, Талас облусунда тергөө абагы жок болгондуктан кармалгандар айыпталуучулар менен бирге олтурушат. 
Акыйкатчы камакка алынгандарды кармоо шарттары боюнча эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык министрлер кабинетин Талас облусунда Тергөө абагын куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырат.