Жамиля Жаманбаева Оштогу тергөө абагына барды

18/12/2024 - 14:34

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени)  Жамиля Жаманбаева Оштогу тергөө абагына барды.

Акыйкатчы бир нече камерага кирип, кармалгандар менен баарлашты. Абактагы шарттарга арыздангандар болгон жок. 

Тергөө абагында олтурган аялдардын бири Акыйкатчыдан укуктарын коргоп берүүнү өтүндү. 

Ал өзүнө карата кылмыш куугунтугу жүрүп жатканын айтып, укук коргоо органдарынын биринде иштеген кызматкердин тууганынын көрсөтмөсүнө таянып гана иш козголгонун кошумчалады. 

“Соттук экспертизанын жыйынтыгы менин пайдама чыкты. Бирок ага карабай кылмыш ишин жаппай жатышат”, - деди аял. 

Кийинки камерада олтурган улгайган аял Акыйкатчыга саламаттыгы начарлап, укуктары бузулуп жатканына даттанды. 

“Менде кант диабети, жүрөгүмдө дарт бар, андан сырткары гепатит С дагы аныкталган. Ден соолугум күн сайын начарлап жатат”, - деди аял. 

Ага жер тилкесине байланыштуу кылмыш иши козголгон. Айыпталуучу Акыйкатчыдан кылмыш иши менен таанышып чыгууну  өтүндү.

“Жер тилкесине байланыштуу иш кагаздарынын биринде дагы менин колум жок. Эч кандай күнөөм жоктугуна  карабай, биринчи инстанция мени 9 жылга эркимден ажыратты. Мен өмүр бою элдин камын көрүп, жергиликтүү кеңеште депутат болуп иштеп келдим”, - деди аял. 

Тергөө абагында бир жашар баласы менен олтурган аял бир ай мурда кармалганын айтты. 

Абактын кызматкерлеринин айтымында, аял пробациялык көзөмөлгө келип турбагандыктан, камакка алуу чечими кабыл алынган. 

Акыйкатчы тергөө абагынын жетекчилигине аялдардын жана балдардын укуктарын сактоо зарылдыгын эскертти. 

Абактын кызматкерлери бардык шарттар түзүлгөнүн айтып, “аял менен баланы бат-бат сейилдөөгө чыгарып турабыз”, - деп кошумчалашты. 

Акыйкатчы өспүрүмдөр олтурган камеранын шарттары менен дагы таанышты. Жашы жете электер кармоо шарттарына жана укук коргоо органдарынын аракеттерине арызданышкан жок. 

Өспүрүмдөр өзүнчө бир камерада олтурушат жана алардын арасында мурда соттолгондор жок. 

Акыйкатчы өмүр бою эркинен ажыратылган жарандар олтурган камералардын шарттары менен дагы таанышты. 

Жамиля Жаманбаева тамактануучу жай жана имараттын жалпы абалын карап чыкты. 

Тергөө абагынын бир имараты талапка жооп бербейт, ал 1886-жылы курулган. 

Акыйкатчы  мамлекеттик органдарды Ош шаарында жаңы тергөө абагынын курулушун тездетүүгө көңүлүн бурду. 

Акыйкатчы барган учурда тергөө изоляторунда 281 айыпталуучу жана соттолгон жаран бар болчу. Анын 26сы - аял жана жашы жете электер. 

Андан тышкары, абакта 4 жаран өмүр бою соттолгон.

Абак 500 кишиге ылайыкталган.