Жаманбаева Ташкенттеги конференцияда жарандардын экологиялык укуктары сакталбай жатканын айтты

06/03/2025 - 17:03

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева башка мамлекеттердин Акыйкатчыларын адам укуктарын камсыздоого жана айлана-чөйрөнү таза сактоо боюнча тыгыз кызматташууга чакырды. Бул тууралуу Жаманбаева Ташкентте өткөн “Таза, дени сак айлана-чөйрө – адам укуктарынын сакталышынын кепилдиги” аттуу эл аралык конференцияда билдирди.

Экологиялык дискуссия Өзбекстандын Акыйкатчы Институтунун түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата болуп өттү. Конференцияга Өзбекстандын, Кыргызстандын, Түркиянын, Марокконун, Түркмөнстандын, Сербиянын, Монголиянын, Венгриянын, Италиянын, Молдованын Акыйкатчы Институтунун башчылары катышты. 

Россиянын, Таиланддын жана Казакстандын Акыйкатчылары видео байланыш аркылуу онлайн катышышты. 

Андан сырткары, Катар, Финляндия, Оман, Азербайджан жана Таджикстандын мамлекеттик укук коргоо мекемелеринин өкүлдөрү да катышты. 

Жыйында, климаттык өзгөрүүлөрдүн адамдардын ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу талкуу болду. 

Жамиля Жаманбаева өз сөзүндө дүйнө коомчулугунун көңүлүн адам укуктарын коргоо боюнча макулдашылган аракеттердин маанилүүлүгүнө жана зарылчылыгына бурду. Андан сырткары, Жаманбаева жарандардын бакубат жашоосу, ден соолукта болуусу үчүн экологияны таза сактоо өтө зарыл экенине токтолду.

“Мониторингдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, жарандардын таза айлана-чөйрөгө болгон укуктарын камсыз кылуу үчүн мекемелер аралык жана эл аралык кызматташтыкты күчөтүү зарыл. Ошону менен катары эле, бул тармакта иш алып баруу үчүн парламентти жана жарандык коомду жигердүү тартуу, укук коргоо институттарын бекемдөө зарыл. Институт жарандардын экологиялык укуктарын камсыз кылуунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгилейт жана башка өлкөдөгү кесиптештери менен тажрыйба алмашууга даяр экенин билдирет”, — деди Жамиля Жаманбаева.

Талкуунун жыйынтыгында конференциянын катышуучулары Ташкент декларациясын кабыл алышты, анда адамдардын экологиялык укуктарын коргоо боюнча биргелешкен чараларды күчөтүү жана таза, дени сак айлана-чөйрөнү адамдын ажырагыс укугу катары таануу боюнча макулдашышты.