ЖААК кызматкерлери өздөрүнүн жетекчилиги эмгек акыларын төлөбөй басмырлап жаткандыктарын айтып КР Акыйкатчысына даттанышты

05/07/2019 - 12:50

КР Акыйкатчысынын аппаратына КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын акттарын каттоо департаментинин ЖААК бөлүмүнүн 126 кызматкери кайрылып, алардын пикири боюнча мамлекеттик органды мыйзамсыз реорганизациялоодон коргоо, ошондой эле бирдей эмгек акы төлөө боюнча алардын укугун жана алардын активдүү позицияда тургандыгы үчүн мекеменин жетекчилигинин кысымынан коргоо тууралуу өтүнүштү.

Өз кайрылуусунда алар ошондой эле ЖААК А жана С системасындагы иштердин аткарылбагандыгына арызданышты жана ЖААК органдарынын иштеринин натыйжалуулугун жакшыртуу оюнча 14 сунушту киргизишкен.

Жамааттык арызды тыкыр иликтеген соң Акыйкатчы институту Премьер-министр М.Абылгазиевге КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын акттарын каттоо департаментиндеги түзүлгөн кырдаалды териштирүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу тобун түзүү жана аталган мекеменин ишине функционалдык анализ жүргүзүү, ошондой эле эмгек акы төлөөдө ЖААК кызматкерлерин басмырлоону четтетүү үчүн тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кат жолдоду.

Азыркы учурда КР Өкмөтү аталган окуяны толук жана объективдүү иликтеп чыгуу үчүн Мамэкотехинспекцияга ведомстволор аралык комиссия түзүү тапшырмасын берди.