Президент Садыр Жапаров Акыйкатчы Институтунун ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-сентябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы актуалдуу маселелер каралды.
Жамиля Жаманбаева Мамлекет башчысына Акыйкатчы Институтунун ишмердүүлүгү, иштин негизги жыйынтыктары жана акыркы жылдарда жетишилген натыйжалар, ошондой эле жарандардын укуктарын, ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Садыр Жапаров адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жана сактоо мамлекеттик саясаттын маанилүү артыкчылыктарынын бири экенине токтолду.
Мамлекет башчысы кыйноолорду колдонуу же жарандардын укуктарын бузуу боюнча кайрылуулар келип түшкөн учурда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери толук жана ар тараптуу иликтөө жүргүзүп, мыйзам тарабынан кепилденген жарандардын укуктарын коргоону камсыз кылып, укук коргоо органдары тарабынан мүмкүн болуучу басымдан же мыйзамсыз аракеттерден коркпостон алардын кызыкчылыктарын коргошу керектигин өзгөчө баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаров жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин ишенимдүү коргоого жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга багытталган Акыйкатчы Институтунун ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүнүн көрсөткүчү 58 пайыздан ашкан. Өткөрүлгөн инспекциялардын саны 179дан 811ге чейин көбөйүп, мамлекеттик органдар тарабынан Акыйкатчы Институтунун чара көрүү актыларынын жана сунуштамаларынын аткарылышы 93 пайызга жеткен.
2025-жылы Акыйкатчы Институтуна жалпысынан 9 672 жаран кайрылган.
Ал эми 2026-жылдын сегиз айында кайрылуулардын саны 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 60 пайызга өскөн. Бул жарандардын Акыйкатчы Институтунун ишмердүүлүгү туурасында маалымдуулугунун кеңейишин билдирип, бузулган укуктарды коргоо жана калыбына келтирүү механизмдеринин жеткиликтүүлүгү артканын көрсөтөт.