Кызматтык милдетти так аткарбаган тергөөчүгө чара көрбөгөндүгү үчүн Нарын ОИИБ жетекчилигине чара көрүлүүгө тийиш

13/06/2018 - 10:10

Акыйкатчы аппаратына Ат-Башы районунун жашоочусу Н.Ж. арыз келип түшкөн. Арызда анын иши боюнча күбөлөр турса да Ат-Башы райондук ИИБ тргөөчүсү, милициянын старшинасы Н. Туратбеков бир беткей карап, айткан далилдерди укпай “жакында соттолосуң!”-деп коркутууга алып жатканы айтылып, чара көрүүнү суранган.

Аталган арыз боюнча Акыйкатчы институту тарабынан тиешелүү кат жөнөтүлүп, кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Иликтөөдө Н.Туратбеков тарабынан М.А.нын арызы боюнча тергөө иштери Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 19-беренесине ылайык толук, ар тараптуу жана обьективдүү жүргүзүлбөгөндүгү аныкталды. Окуя боюнча тиешелүү адамдардын өздүктөрүн аныктап, иштин жагдайлары тууралуу түшүнүктөр алынган эмес. Комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалып, аны аткаруу жагы Бишкек шаарындагы Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору көрсөтүлбөстөн, иш жүзүндө жок эксперттерге тапшырылган.

Мындан тышкары тергөөчү Н.Туратбеков  Н.Жга соттолуп кете тургандыгы жөнүндө коментарийлерди берип,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.09.2014-жылдагы № 556 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын Тартиптик Уставынын 6-бөлүмүнүн талаптарын одоно  бузуп, кызматтык милдетти, аны аткаруунун тартибин жана эрежесин, ошондой эле ага берилген укуктарды ишке ашырууга кызматтык жүрүм-турумга карата талаптарды сактабагандыгы аныкталган.

Бул милициянын жосунсуз жоруктарын аныкталганына карабастан, Нарын облустук ишки иштер башкармалыгы чара колдонгон эмес.

Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тергөөчүгө карата чара көрбөгөндүгү үчүн  Акыйкатчы институту Ички иштер министрлигине Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине чара көрүү тууралуу кайрылуу жөнөттү.