Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын алдында аскер кызматкерлеринин укуктарын коргоо боюнча Кеңеш түзүлдү
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов КР Акыйкатчысынын алдында КР аскер кызматкерлеринин, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, алардын үй-бүлөлөрүнүн, аскер кызматынан бошотулгандардын, Куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын жарандык персоналдагы кызматкерлеринин укуктарын коргоо боюнча Кеңештин жобосун бекитүү боюнча буйрукка кол койду.
Атап айтканда, жобо боюнча, аталган Кеңеш айтылган категориядагы аскер кызматкерлердин укуктарынын бузулушуна байланышкан маселелерди чечүү, ошондой эле укуктук жана социалдык жаатта натыйжалуу мамлекеттик саясатты бекемдөө, алардын укуктарын жана эркиндиктерин, анын ичинде экономикалык жана социалдык мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча маалымдоого жана КР Акыйкатчысы көмөк көрсөтүүсүнө багытталган консультациялык-кеңешүүчү орган болуп эсептелинет.
Түзүлгөн кеңеш КР Конституциясынын жана мыйзамдарынын, Коргоо, коопсуздук жана укук коргоо жаатындагы КР Президентинин жарлыктарынын жана Өкмөттүн токтомдорунун, ошондой эле аскердик кызмат каралган КР министрликтери жана ведомстволордун жоболорунун жетекчилиги алдында иш алып барышат.
Кеӊештин иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- КР аскер кызматкерлеринин, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, алардын үй-бүлөлөрүнүн, аскер кызматынан бошотулгандардын, Куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын жарандык персоналдагы кызматкерлеринин укуктарынын бузулушуна байланышкан маселелерди мамлекеттик органдар менен биргеликте чечүүнү уюштуруу;
- Аскер кызматкерлерин укуктук, социалдык жактан коргоо жаатындагы мыйзамдарга, ченемдик-укуктук актыларга сунуштарды берүү жана иштеп чыгуу;
- Аскер кызматкерлерин укуктук, социалдык жактан коргоо боюнча мониторинг жүргүзүү;
- Аскер кызматкерлеринин кайрылууларын кароо;
- Аскер кызматкерлеринин, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, алардын үй-бүлөлөрүнүн, аскер кызматынан бошотулгандардын, Куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын жарандык персоналдагы кызматкерлеринин укуктук, социалдык жактан коргоо жаатындагы министрликтердин жана ведомстволордун тажрыйбаларын изилдөө жана колдонуу,
- Аскер кызматкерлеринин укуктук жана социалдык абалын жакшырту үчүн дайындуу иш-чараларды иштеп чыгуу;
- мамлекеттик бийлик органдардын өкүлдөрү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен семинарларды, тегерек столдорду, жыйындарды жана башка жолугушууларды өткөрүү.
Кеңештин чечими сунуш берүүчүлүк мүнөзгө ээ.