“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 22-сентябрда “КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду.
Белгилей кетсек, Акыйкатчы Институтунун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу конституциялык мыйзамдын кабыл алынышы анын адам укуктарын коргоо боюнча конституциялык орган катары укуктук статусун бекемдөөгө карай маанилүү кадам болуп саналат.
Бул мыйзам институттун мандатын күчөтүп гана тим болбостон, адамдын укуктары жана эркиндиктери чөйрөсүндөгү ченемдерди натыйжалуу колдонуу үчүн шарт түзөт.
Мыйзам Венеция комиссиясынын, ЕККУнун, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын, Азия-Тынч океан омбудсмендер форумунун сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын тобу тарабынан иштелип чыккан.
Мыйзам Акыйкатчы Институтунун ыйгарым укуктарынын натыйжалуулугун жогорулатууга, анын көз карандысыздыгын камсыз кылууга жана Париж принциптерине шайкеш келтирүүгө багытталган.
Бул мыйзам институттун эл аралык макамын жогорулатып, "В" деңгээлинен "А" деңгээлине аккредитациядан өтүүгө мүмкүндүк берет.
Дополнительные материалы:
