КР Акыйкатчысынын наамына К.А. иши боюнча ыраазычылык каты келип түштү

14/08/2019 - 12:35

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын дарегине Талас районунун үч сот аткаруучусунан зордук-зомбулук көргөн К. А-нынкызыкчылыгын коргоп К. Рузиев кайрылган.

К. А-нын арызы боюнча текшерүү жүргүзүп, укук бузуулар аныкталса, прокуратура кызматкерлерине тийиштүү чаралар көрүлүп, бузулган укуктарды калыбына келтирүүсүн өтүнгөн кат Акыйкатчы институту тарабынан Башкы Прокуратурага жиберилген. Ошондой эле, бул иш боюнча К. А-нын обьективдүү, калыс, адилеттүү сотко жетүү укугу Талас соту тарабынан бузулганын, аны кайрадан Чүй облусунун сотунун бири караш керектигин белгилеген кат Жогорку Сотко да жазылган.

15.07.2019-ж Акыйкатчы институту жабырлануучуК. А боюнчаЖогорку Сотто болгон сот процесстерине мониторинг жүргүзгөн. Жыйынтыгында, соттун чечими менен К. А-нын укугу калыбына келтирилген. Талас шаардык жана Талас облусунун актаган өкүмү жокко чыгарылып, ишти кайрадан кароо үчүн Бишкек ш. Октябрь райондук сотуна жиберилген.

КР Акыйкатчы Аппараты тарабынан жасалган жогорудагы иш-аракеттер үчүн К. А кызыкчылыгын коргогон К. Рузиев ыраазычылык катын жолдогон. Каттын фото көчүрмөсүн жарыялайбыз.