КР Акыйкатчы Институту балдарды зомбулуктан, таш боор мамиледен жана кыйноодон коргоо боюнча республикалык байланышты талкуулоого катышты

26/03/2019 - 16:53

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева жана КР Акыйкатчысынын Борбордук Аппаратынын Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо боюнча  бөлүмүнүн жана КР Акыйкатчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу  өкүлдөрү “Балдарды зомбулуктан, таш боор мамиледен жана кыйноодон  коргоо боюнча  республикалык байланышты түзүү” темасындагы Улуттук консультациянын ишине катышты.

Талкууга  ошондой эле Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү, КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана КР Ички иштер министрлигинин жетекчиликтери жана кызматкерлери,  “Балдар укуктарын коргоочулардын лигасы” коомдук фондунун жетекчилиги да талкууга чакырылган эле.

Бул жумушчу жолугушуунун уюштуруучулары болуп  КР Акыйкатчы Аппараты,  Кыргыз Республикасынын Европа Бирлигиндеги Өкүлчүлүгүнүн финансылык колдоосунда “Эл аралык абак реформасы (PRI)”  уюмунун Өкүлчүлүгү  жана “Балдар укуктарын коргоочулардын лигасы” коомдук фонду болушту.

Талкуунун жүрүшүндө улуттук укук коргоо институттарынын, балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу органдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  алдындагы социалдык мекемелердин  ишмердүүлүгүндө жана жарандык коом тарабынан балдардын зомбулуктан, таш боор мамиледен жана кыйноодон  коргоо укуктары жагдайындагы абал кароого алынды.

Мындан сырткары,   зомбулукка жана адамгерчиликсиз мамилеге дуушар болгон балдарга жардам көрсөтүүдө “111”, “115”, “112”, “102”  жана  “0554-999-222” телефондорунун ролу каралды. Ошондой эле, зомбулукка, таш боор мамилеге жана кыйноого дуушар болгон балдарды карталоо  (тийиштүү карточкаларды толтуруу) маселеси талкууланды.

Иш чара аяктагандан кийин улуттук укук коргоо институттарынын, жарандык коомдун жана мамлекеттик бийликтин ыйгарымдуу органдарынын  балдарга жардам көрсөтүү боюнча ишеним телефондорунун өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга багытталган  сунуштамалар иштелип чыкты. Балдарды коргоо  боюнча жогоруда аталган республикалык байланыштын  иш планы талкууланды. 

Ушул темадагы кезектеги (үчүнчү) жолугушуу Баткен шаарында өтөөрү белгилүү болду.