Кабардин-Балкар Автономиялык Республикасынын Омбудсмени Борис Зумакулов Кыргызстанда өткөн бала чагы жана Чыңгыз Айтматов тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү

24/12/2021 - 12:15

Адатта,  чет өлкөлөргө  иш сапарына барганда биз башка мамлекеттердин Омбудсмендеринин иш тажрыйбасын үйрөнүп, адам укуктарын коргоонун алдыңкы ыкмаларына көңүл бурабыз. 2021-жылдын сентябрь айында  Сербия Республикасынын Нови Сад шаарында өткөн Европа Омбудсмендер институтунун жалпы жыйынына катышууга барып калдык.  Кыргызстандын Акыйкатчы Институтунун делегациясы адаттагыдай кесиптештер менен баарлашып, жыйналыштын ортосунда тыныгууда Кабардин-Балкар Автономиялык Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Борис Мустафаевич Зумакулов менен сүйлөшүп калдык. Ал Омбудсмен катары буга чейин Кыргызстанда өткөн эл аралык иш чараларга да келип жүргөн болчу.

 Ал - тарых илимдеринин доктору.  Борис Мустафаевич дароо эле өзүнүн балалык күндөрү өткөн Кыргызстан тууралуу, анын ичинде Чүй өрөөнү, Ысык-Ата району, Ново-Покровка айылы жана Ново-Покровкадагы орто мектеп тууралуу сурады.

Өзү төмөнкү маалыматтарды айтып берди. Депортация жылдары балкарлар негизинен Кыргызстанга көчүрүлгөн болчу.

Бул эң оор жылдар эле. Согуш жүрүп жаткан, суук жана ачарчылык, анан калса, Кавказдан келген тоолуктар, расмий пропаганда аларды “бандиттер жана фашисттердин көмөкчүлөрү” катары сыпатташкан эле.

Ооба, эң башында жер которгондор моралдык террорго дуушар болду, бирок жергиликтүү калк аларды тез эле түшүнүштү, көчүп келгендер өзүлөрүнө окшош эле адамдар –кубаныч менен кайгыны чогуу бөлүшүүгө даяр болгон  достук мамиледеги  адамдар экени билинди. Анан калса түрк тилдүү элдер болгондуктан, котормочусу жок эле сүйлөшүп калышты.

Кыргызстанда балкарларды кандай кабыл алышканы жана кандай мамиледе болушканы тууралуу көптөгөн китептер жазылган, мыкты ырлар арналган.

Залкар жазуучу Чынгыз  Айтматов Кабардино-Балкарияны жакшы көрчү. Ал Кабардин-Балкариянын Эл акыны Танзиля Зумакулова менен чыгыармачылык жылуу мамиледе болгон. Ал Танзиляга ага катары мамиле жасачу. Кавказга келгенде  биздин үйгө келип, Танзиля эжем менен чыгармачылыктагы тенденциялар тууралуу баарлашчу. Улуу жазуучу биздин апабыз Марьям апага өзгөчө жылуу  мамиледе болчу-дейт Борис Мустафаевич..Борис Мустафаквич ошондой эле Чынгыз Айтматовдун Танзиля Зумакулова тууралуу берген жогорку баасын да аздектеп сактап жүргөнүн айтып берди.

Чынгыз Айтматов: “Мен Танзиляны дүйнөнүн түрк тилдүү акындарынын көрүнүктүү өкүлү катары билем. Бизде Орто Азияда аялдардын арасынан Зульфия биринчи даражадагы жылдыз болсо, Кавказ үчүн ушундай жылдыз болуп балкар акыны Танзиля эсептелет”. 
 
Чынгыз Айтматовдун Танзиля Зумакуловага куттуктоо телеграммасынан: “Кымбаттуу Танзиля, түрк тилдүү акындардын эң көрүнүктүүлөрүнүн бири катары сени мааракең менен куттуктайм, сага ага катары –бакыт каалайм, ал эми сенин поэзияңа чаалыкпастыкты каалайм”- Чынгыз Айтматов. 
           Маалымат иретинде:  Танзиля  Мустафаевна Зумакулова, Кабардин-Балкар республикасынын, Карачай-Черкес Республикасынын Эл акыны, Россия Федерациясынын  Эл акыны, СССР Эл депутаты.    Танзиля Мустафаевнанын Балкар тилинде жазылган Кыргызстанга арналган ыры менен таанышып коюңуздар:                    

 

 

КЪЫРГЪЫЗСТАННГА

 

О, Къыргьызстан, мен билмеген манга

Къаллай бир зат, къаллай бир зат айтханса?!

Бек къыйын кюнюмде, алып къойнунга,

Ана жылыуунгда да жылытханса.

Сени къойнунга мен келип киргенме,

Аманны, игини айыра билгинчи,

Аланы айыра сенде юйреннгенме,

Огъурлу къыргъыз жери, мен биринчи.

Ачыу да, къууанч да кёргенме сенде.

Гыржын татыуун да билгенме сенде.

Жюрек ачыуун да билгенме сенде.

Къууанч къууанчлыгъын билгенме сенде.

Жугар тутаргъа да сен юйретгенсе.

Биринчи гыстыны да къысдым сенде.

Кёз жашымы да сылагъан этгенсе.

От тиргиздим, къазан да асдым сенде.

Ачы кюн, ахлуланы кёрге кёмюп,

Къара ачыуну биргенге кёргенме.

Къууанч кюн, юйлеринге эркин кирип,

Къыргъыз тойлада зауукъ тепсегенме.

Биз атланнганда, санга ыспас эте,

 Къыргьызлы жиляды, бизни ашыра,

Аны жарсыуу жюрегине жете,

Кёз жашларын билалмай ол жашыра.

Къыргъызлы юйледе андан туралла

Таулу эгечлерим энтта да юй болуп.

Апа дейдиле къыргъызлы уланла

Таулу аналагъа, къууанчдан толуп.

О, Къыргъызстаным, жылыулу жерим,

Ахшы жыр, жыр керек сени юсюнгден.

О, къайда санга тийишли сёзлерим!

Ыспас, ыспас, хурмет да санга менден!

Хау, ыспас санга сенде туугьанладан,

Алгъа кёзлерин сен ачханынг ючюн.

Ыспас ёмюрге сенде къалгъанладан,

Топурагъынг бла жапханынг ючюн.

Болгьанынг ючюн сен кёр, туугъан жер да,

Сабийге бешик, къартыбызгъа тёр да.

Биз сени махтауну къоймабыз бирда,

Жыр тагъалгъаныбыз тагъарбыз жыр да.

1962

Зумакулова  Танзиля  «Сайламала», 1-том, Нальчик,  «Эльбрус» басмасы, 2004-ж. 119-б..

 

Барно Сабирова КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Басма сөз катчысы