Джамиля Джаманбаева Талас областындагы ИИБдин убактылуу кармоочу жайына барды

05/12/2023 - 13:19

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Талас областындагы убактылуу кармоочу жайга кармалгандардын шарты менен таанышуу үчүн барды.

32 адамды кармоого ылайыкташкан убактылуу кармоочу жайга барган кезде  анда 19 шектүү бар экен. Убактылуу кармоочу жай ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) короосунда, бирок өзүнчө имаратта жайгашкан.

Акыйкатчы камераларга тандап кирип жана кармалгандар менен маектешти. Башкы укук коргоочуну ИИБдин башчысы коштоп жүрдү.
Ошондой эле Акыйкатчыга кармалгандарды сейилге алып чыга турган жайды көрсөтүштү. 

ИИБдин башчысы Азенбек Козукеев Талас областында тергөө абагы жок экенин, ошондуктан айыпталуучулар убактылуу кармоочу жайда кармалышаарын белгиледи.
Акыйкатчы Министрлер кабинетин Талас областына камалгандардын кармоо шарттары эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык келе турган тергөө абагынын курулушун карап көрүүгө чакырат.