Джамиля Джаманбаева Нарын шаарындагы тергөө абагына барды

14/12/2023 - 16:00

Акыйкатчы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Нарын шаарындагы тергөө абагына барды.
Акыйкатчы камераларга тандап кирип кармоо шарттары менен таанышты.

Камалгандар кармоо шарттарына арызданышкан жок, бирок сот жыйындарынын маалында алардын укуктарын коргоону өтүнүштү. 
Акыйкатчы өмүр бою эркинен ажыратылган, 2005-жылдан бери аталган мекемеде кармалып жаткан жарандын кармоо шарты менен таанышты.
Ал паспорт алууга колдоо көрсөтүүнү өтүндү. 

Тергөө абагынын кызматкерлеринин маалыматына таянсак, аталган жарандын туулгандыгы тууралуу да күбөлүгү жок, буга байланыштуу паспорт берүү жагында кыйынчылыктар  келип чыгууда.
Соттолгон адам Акыйкатчыга ага дары керек экенин айтып даттанды.
Акыйкатчы тергөө абагынын кызматкерлерин улуттук мыйзамдарга ылайык, камалгандардын укуктарын камсыздоого чакырды. 

Ошондой эле Акыйкатчы башка соттолгон адам менен маектешти. Ал адам жубайын өлтүрбөсө дагы, аны киши өлтүрүүгө айыптап соттошконун айтып, укугун коргоп берүүнү өтүндү.
Анын айтымында, айылдаштары 20 миң сом акчасын алыш үчүн аны жарадар кылышып, андан кийин анын аялын өлтүрүшкөн. 
“Алар мени күнөөлүү кылып салышты. Милиция кызматкерлери менин көрсөтмөлөрүмдү угушкан жок. Мен өзүмдүн аялымды өлтүрүп жана өзүмдү кантип бычак менен сайгыламак элем”, — деп арызданды соттолгон адам.
Акыйкатчы аталган адамдын кейсин жеке көзөмөлүнө алды.


Тергөө абагынын чыга беришинде Акыйкатчыны тергөө абагынын мурдагы кызматкери күтүп туруптур. Ал Акыйкатчыдан өзү жана үй-бүлөсүн кантип жашап жатканын көрүүнү өтүндү.
Мурдагы кызматкер үй-бүлөсү менен тергөө абагынан анча алыс эмес жерде, ведомствонун эски имаратында жашайт экен.
Акыйкатчы аны менен бирге эскилиги жеткен имаратка барды. 

Кайрылган адам Акыйкатчыдан анын укуктарын коргоого көмөк берүүнү суранды.
Анын айтымында, имарат донорлордун каражатынын эсебинен оңдолууга тийиш.
“Бизди бул жактан көчүрүп жатышат жана бара турган жерибиз жок. Жаңы имаратта дагы бизге орун жок. Өмүрүмдү ушул кызматка арнадым. Бизге бул бөлмөнү турак-жай катары беришкен.Тергөө абагында көп жыл иштедим. Эми минтип пенсияга чыккандан кийин үй-бүлөм менен көчөдө калып жатам”, — деп даттанды тергөө абагынын мурдагы кызматкери.
Акыйкатчы анын арызын изилдеп чыгаарын айтты.


Андан кийин Акыйкатчы Нарын областынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барды. 
Убактылуу кармоочу жайда бир дагы адам жок экен.
Акыйкатчы  кармоо шарттары менен таанышты. Даараткана камеранын чегинен тышкары жайгашкан. Убактылуу кармоочу жайдын өзү ИИБдин имаратынын жер төлө кабатында жайгашкан. Сейилге бир кабатка өйдө чыгышат.