Антье Граве: Акыркы жылдары Акыйкатчы Институтунун өсүшүнө күбө болуп жатабыз
КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту акыркы жылдары адам укуктарын коргоо жаатындагы ишмердүүлүгүн кыйла күчөтүп, бир топ күчтүү укук коргоо институтуна айлана алды. Бул тууралуу БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугушууда билдирди.
Антье Граве Кыргызстандагы БУУнун туруктуу координатору кызматындагы төрт жылдык миссиясын аяктап жатат.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жамиля Жаманбаева адам укуктарынын баалуулуктарын илгерилетүүгө жана Кыргызстандагы улуттук адам укуктарын коргоо механизмдерин чыңдоого көрсөткөн колдоосу үчүн Антье Гравеге ыраазычылык билдирди.
Акыйкатчы Институту менен БУУ системасынын ортосундагы көп жылдык кызматташтыктын алкагында конструктивдүү жана мазмундуу өз ара аракеттенүү калыптанды.
БУУ системасынын, анын ичинде БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын колдоосу менен институттун кесиптик потенциалы чыңдалып, кыйноолордун алдын алуу механизмдери өнүктүрүлдү.
2025-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) көмөгү менен Акыйкатчы Институтунун потенциалына баалоо жүргүзүлдү. Ошондой эле конференц-залдын техникасы жаңыланып, заманбап жабдуулар орнотулду.
«Кызматташтыгыбыз айрым иш-чаралардын же долбоорлордун алкагы менен гана чектелбестен, мындан ары да натыйжалуу уланарына ишенем. Алынган билимдерди, сунуштарды жана практикалык тажрыйбаларды кызматкерлерибиз күнүмдүк ишмердүүлүгүндө колдонуп, институттун мындан ары өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө», — деди Акыйкатчы.
Өз кезегинде Антье Граве Акыйкатчы Институту адам укуктары жаатындагы жогорку эл аралык стандарттарга шайкештигин тастыктаган «А» статусуна ээ болот деген үмүтүн билдирди.
Ал бул үчүн негизги шарттардын бири — улуттук адам укуктарын коргоо институтунун толук көз карандысыздыгы экенин баса белгиледи.
«Көз карандысыз адам укуктарын коргоо институту — бул бардык башка жетишкендиктердин негизги шарты. Эгерде тынчтык болмоюнча өнүгүү мүмкүн эмес деп айтылса, адам укуктары сакталбаган жерде да өнүгүү болбойт. Ошондуктан сиздердин институт, мен үчүн Кыргызстандагы БУУнун ишмердигинде өзгөчө орунда», — деп билдирди Антье Граве.
Ал Жамиля Жаманбаеваны Акыйкатчы Институтун өнүктүрүү боюнча ишти улантууга чакырды.
«Ушул жылдар аралыгында сиздердин институт адамдардын көйгөйлөрүн чечүүгө реалдуу жардам көрсөтүп, адам укуктарын коргоо боюнча күчтүү институтка айланып бара жатканына күбө болдук. Сиз институтту кыйла бекемдедиңиз», — деди Антье Граве.